Мухаммед Алинин небереси дебюттук беттешинде атаандашын эстен тандырды. Видео

Жазылуу
Дүйнөлүк бокс легендасынын небереси профессионалдык карьерасындагы дебюттук беттешинде атаандашын биринчи эле раундда жеңип алды.

Кесипкөй бокстан оор салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Мухаммед Алинин небереси профессионалдык рингде алгачкы жолу беттешке чыгып, жеңишти ишенимдүү камсыздады.

21 жаштагы америкалык мушкер Нико Али Уолш биринчи эле раундда мекендеши Жордан Уикске эстен тандырган кубаттуу соккуларды урган. Нокдаунга түшкөн атаандашы беттешти улантууга ниет кылганы менен анын абалын көргөн калыс техникалык нокаут деп эсептеп, оюнду токтоткон.

Атактуу Мухаммед Алинин небереси орто салмакта күч сынашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0