36 өлкөнүн учкучтарын даярдаган кыргыз авиациясы. Аскер-аба флотунун күнү

Жазылуу
1917-жылы Советтик Россияда бийликке келгендер аскердик авиацияга абдан көңүл бурушуп, 1918-жылы түптөй башташат. 1933-жылдан баштап Советтер Союзунда 18-август – Аскердик-аба флотунун күнү катары белгиленип келген.

Колумнист Алмаз Батилов Кыргызстандын Борбордук кинофотофоноархивинен 1981-жылы Мозамбиктин башчысы, маршал Самор Мойзеш Машел Фрунзедеги V борбордук авиациялык кадрларды даярдоо жана өркүндөтүү курстарынын курсанттары менен угуучуларынын парадын кабыл алып жаткан даректүү тасманын үзүндүсүн тапкан. Авиациялык биримдиктин командиринин саясий бөлүмү боюнча орун басары, отставкадагы полковник Валимжан Таңырыковдун айтымында, Машелдин бир уулу дал ушул аскердик окуу жайда окуган.

Кыргыз авиациясы Абдували Курбаналиев жана Касым Ормокоевдин ысымы менен тыгыз байланышта, булар кыргыздын биринчи учкучтары. Курбаналиев Оренбург шаарындагы аскердик учкучтар мектебин бүтүрсө, Ормокоев Москвадагы авиациялык училищени аяктаган.

Аскердик учкуч Болот Мамбеталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Аскердик учкуч Мамбеталиев: Афган согушунан бир гана нерсе менен сыймыктанам
1941-жылы августта Кыргызстандын борборунда алгачкы аскердик авиацияга кадрларды даярдоо боюнча №24 мектеп ачылып, аскердик даярдык жана кадрлар боюнча кафедрасынын жетекчилигине Курбаналиев дайындалган. Ошол эле жылы ноябрда Сталинград калаасынан Одессанын учкучтар мектеби Фрунзе шаарына которулат. Абдували ден соолугуна байланыштуу фронтко жөнөтүлбөй, ушул мектепте кан майданга кадрларды даярдоого катышкан. Анын мындай эмгеги бааланып, командачылык аны Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлаган. Жогоруда айтылган мектеп жүздөгөн учкуч, инженер жана техниктерди даярдаганы маалым. Анын ичинен жетөө Советтер Союзунун баатыры деген наамга ээ болушат. Ал эми кыргыздын кыраан кушу Касым Ормокоев Сталинградды коргоодо баатырларча курман болгон.

1959-жылы 6-августта Фрунзе учкучтар мектебинин базасында V борбордук авиациялык кадрларды даярдоо жана өркүндөтүү боюнча курстары түзүлөт. Муну менен ал чоң авиациялык биримдикке айланат. Анын ичине Казакстандагы Луговой, Алматы, Фрунзе-1 жана Токмокто жайгашкан аскердик авиация полктору кирген. 1959-жылдан баштап бул курстар Азия, Африка жана Латын Американын Улуттук боштондук кыймылынын авиация адистерин даярдап, окутуу үчүн Москва, Киев, Минскиден адистер тартылган. Мындан сырткары, авиациялык биримдикте социалисттик лагердеги мамлекеттердин авиациялык адистери да окуган. Баш-аягы 36 мамлекеттин курсанттары менен угуучулары билим алышканы айтылып келет. Ал тургай бул авиациялык биримдиктин базасында Венгриянын аскердик авиациясы жаралган. Дал ушул себептен окуу жайга Азия жана Африканын боштондук кыймылынын лидерлери абдан көңүл бурган.

1991-жылы V борбордук авиациялык кадрларды даярдоо жана өркүндөтүү курстарынын базасында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик институту жана № 23565 авиациялык бөлүк түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0