Кудум ниндзядай. Кабыландын антилопага чукул келип кол салган видеосу

Жазылуу
Видео Түштүк Африка менен Ботсвана чектешкен жердеги жаныбарлар коругунда тартылган. Кабылан эч дабыш чыгарбастан кумдуу дөңсөөнүн бооруна жашынып, көлөкөдө оттоп турган антилопага жакындап келген.

Жырткыч антилопага өтө жакын калганда гана кол салды. Муну чукул арада байкаган жейрен так секирип качканы менен ал кабыландын чеңгелинде калган. Видеонун автору белгилегендей, кабылан олжосун балдарына алып кеткен. Аны эки күчүгү күтүп турганын "National Geographic Россия" жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0