Бишкектеги ТЭЦ-2 отуз жылда кандай болуп өзгөрдү. Видео

Жазылуу
Бишкектин түштүк-батышындагы Жылуулук электр борбору-2 (ТЭЦ-2) кандай абалда, ошондой эле экологдордун анын ишин жандантууга пикири кандай экенин Sputnik Кыргызстан даярдаган видеодон көрүңүз.

ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккан. Долбоор боюнча стратегиялык объектиде жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Аны 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтогон. ЖЭБ-2нин санитардык аймагына, тагыраагы, 47 гектар жер аянтына акырындык менен турак үйлөр курулуп кеткен.

Эксперт по солнечным батареям Бакыт Аскарбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Радио
Аскарбеков: күндөн энергия алган станцияны ар ким орнотуп алса болот
Ушул жылы августта Садыр Жапаров Жылуулук электр борбору — 2нин абалы менен таанышкан. Ага борбордун курулушун кайра жандандырып, анын кубаттуулугун 460 мегаваттка жеткирүү менен 2-5 жылдын ичинде бүткөрүү сунушталган.

Бул ТЭЦ жаңы абоненттерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздай алары айтылат.

Объектини реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0