Чолпон-Атада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьерлери эмнени талкуулады. Баары бир видеодо

Жазылуу
Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жыйынтыкталды. Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

19-августта тар чөйрөдөгү жыйын өттү, бирок ага пресса катышкан жок. Ал эми бүгүн, 20-августта, кенен чөйрөдөгү отурумга чогулушту. Күн тартибине көптөгөн маселелер киргизилген. Органикалык продукциялардын бирдиктүү рыногун түзүүдөн санариптештирүүгө чейин талкуулашты. Мунун эффективдүүлүгү тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин айтып берди. Ал мындай жаңы технологиялар көмүскө импорт менен күрөшүүгө жардам берерин белгиледи.

Казакстан жана Россиянын өкмөт башчылары Аскар Мамин менен Михаил Мишустин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Чолпон-Атада ЕАЭБ премьерлеринин жыйыны кандай өттү. 14 сүрөт
Дагы бир маанилүү жагдай катары тышкы соодадагы тоскоолдуктар аталды. Бул маселени Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көтөрдү. Аны Мишустин дагы колдоду.

Жыйындын соңунда Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович тоскоолдуктан сырткары башка дагы бут тосуулар бар экенин билдирди. Жыл соңуна чейин көйгөйдү жолго коюу пландалууда.

Аягында өкмөт башчылары буйрук, тапшырма жана чечимдерден турган 15 документке кол коюшту.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0