Атасы да, өзү да ыйлап... Сезим Жуманазарованын Уфада коло медаль уткан видеосу

12245
(жаңыланган 23:12 21.08.2021)
Уфадагы коло байге үчүн беттешке Сезимдин атасы, машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаров көз салып турду.

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму Сезим Жуманазарованын жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн польшалык Патриция Ева Стрельчик менен беттешинин толук видеосун чыгарды. Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан кыз жеңишке жетип, коло медаль тагынган.

Жуманазарова төрт упайлык ыкма жасап чаап, атаандашынын бутун кайчылаштырып тоголотуп салган. Жалпы жыйынтык 9:4 болуп, кыргыздын балбан кызынын пайдасына аяктаган.

Беттешке Сезимдин атасы, машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаров көз салып турган. Жеңиштен соң кучакташкан ата менен кыз сүйүнүчтүн көз жашын тыя алышкан эмес. Буга чейин Токио Олимпиадасында үлуу кызы Мээрим Жуманазарова коло медаль уткан эле.

12245
Белгилер:
беттешүү, медаль, коло, видео, ата, эмоция, көз жаш
Тема боюнча
Сүйүнчү! Сезим Жуманазарова дүйнө биринчилигинде коло байге утту. Видео
Катуу кармашты! Балбан кыз Калмиранын финалдагы видеосу

Эйфель мунарасынан театрга чейин аркан менен баскан дарчы. Видео

33
(жаңыланган 15:02 20.09.2021)
Франциялык экстрим Натан Полен асманда аркан менен 670 метр жолду жыгылбай, мүдүрүлбөй басып өткөн.

Бул туурасында жазган RT бул номерин ал Европа мурастарынын күнүнө арнагандыгын жазды.

Дарчынын "сапары" Эйфель мунарасынан башталып каршысында турган Шайо улуттук театрынан аяктаган.

Бул трюкту спортчу ар кыл кырсыктан камсыздаган жипти белине байлап алып жасаган.

33
Белгилер:
Франция, мунара, театр
Тема боюнча
Аскага чыкканына сүйүнгөн спортчу секире коюп олуттуу жаракат алды. Видео

Бизнестен, батирден баш тартып. Кыргызстандык түгөйлөрдүн шыктандырган видеосу

98
(жаңыланган 13:53 20.09.2021)
Калыбек Кадыр менен Чолпон Даниярова 30 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Мурда алар бизнес менен алектенишсе, кийин бул үй-бүлө жашоосун таптакыр башка нукка өзгөрткөн.

Алар шаардагы бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн шарттан, батирден баш тартышкан. Жайында Ысык-Көлдө жашаса, кышында жылуу өлкөлөргө кетип калышат.

Калыбек кайтсёрфингге, Чолпон сапсёрфингге үйрөтөт. Түгөйлөр эми алардын өзүнүн сүйгөн ишине жана спортко көңүл бурууга мезгил келгендигин айтып беришти. Балдар чоңойду, аларга кам көрүп карагыдай кичинекей эмес. Андыктан өмүрдү кызыктуу кылып өткөрүп, рахатын көрүү керек дешет.

98
Белгилер:
Кыргызстан, Балыкчы, Ысык-Көл, түгөй, кайтсерфинг, сапсерфинг
Тема боюнча
"Орёл и решканын" экинчи бөлүгү чыкты. Ысык-Көлдө тартылган видео
Кишендер. Архив

Чүйдө жигитти уурдап кетип 100 миң сом талап кылган деп үч киши кармалды

0
(жаңыланган 16:38 20.09.2021)
Кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар колго түшкөн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Чүй облусунда 31 жаштагы эркек кишини уурдап, айыл четине алып барып 100 миң сом талап кылды деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 17-сентябрь күнү Чүй райондук милициясына Искра айылында киши уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барган. Териштирүү учурунда болжол менен саат 21:00дөр чамасында бейтааныш бирөөлөр 31 жаштагы М.А. аттуу жаранга карата күч колдонуп, белгисиз тарапка уурдап кеткени маалым болгон.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар кармалды
"Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул кылмышка шектелип 27 жаштагы М.И., 26 жаштагы Ж.Д. жана М.С. аттуу жарандар кармалды. Териштирүү учурунда шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгып коркутуп, 100 миң сом талап кылышканы аныкталды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Жазык кодексинин 170-беренеси ("Киши уурдоо") менен КЖБРге катталган.

0
Белгилер:
Чүй району, кылмыш, адам уурдоо, кармоо, коркутуу
Тема боюнча
Маршруткадан түшүп баратып мушташып... Ысык-Атадагы окуянын видеосу
Жер тилкелерин трансформациялап берем деп 21 миң доллар алган. Шектүү кармалды