Кескелдирикти, жыланды да "сулуулайт". Өзгөчө кесиптин ээси менен видеомаек

387
Бишкектик Елена Гаврилова сурикат, кескелдирик, ал тургай жыландарды "сулуулап" иштейт. Елена — грумер, башкача айтканда, үй жаныбарларды кыркып, жууп-тазалап берет.

Гаврилованын кардарлары негизинен ит, мышыктар. Тырмагын алат, өгөөлөйт, тарайт, ашыкча жүнүн тегиздеп, формага келтирет.

"Ири алдыда жаныбардын түрүн, мүнөзүн билиш лаазым. Себеби ошого жараша иштейсиң. Биринчи иретте ага ыңгайлуу болушу керек. Жаныбарды жууп-тазалап, кургатып, жүнүн кыркканга орточо алганда бир-эки сааттай убакыт керек. Ит менен мышыктын жүнүн тегиздеп, жуунтуу зарылдык. Муну үйдөн эле жасаса болот. Ал үчүн болгону атайын жабдыктарды алып коюу керек. Ансыз көркү чыкпай калат. Ошон үчүн ээлери бул ишти грумерге тапшырышат", — деп айтып берди ал.

Грумер болуш үчүн Елена бизнес менен алектенген. Ал мурдагы ишин жыйыштырып коюп, аталган тармакты өздөштүрүш үчүн эл аралык мектепке барып окуп, үйрөнгөн.

"Жаныбарлар менен иштеш үчүн билим алуу керек. Окуп-үйрөнбөгөн кишилерге аны ишенип тапшырган болбойт. Бактыга жараша, биздин шаардагы кесиптештеримдин баары сертификаты бар адистер. Муну интернеттен үйрөнүп алууга болбойт. Билим алуу зарылдык. Ушул тармакта иштөөнү кыялданчумун. Буга чейинки бизнесим өсүмдүктөргө байланыштуу болчу. Тобокелге салдым да кыялымды ишке ашырдым!" — деп түшүндүрүп берди Гаврилова.

Грумер бир күндө 15ке чукул "кардарды" кабыл ала алат. Иштин темпи ээлери алып келген жаныбарларды тейлөөнүн татаалдыгына байланыштуу. Гаврилова сурикаттарды, кескелдирик жана дагы башка экзотикалык жаныбарларды тейлейт. Баарынан көп ага ит менен мышыктарды алып келишет.

387
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, грумер
Тема боюнча
Бишкектеги ТЭЦ-2 отуз жылда кандай болуп өзгөрдү. Видео
Көксөгөнүмдү Кыргызстандан табам деп ойлогон эмесмин! Россиялык фотографтын маеги

Эйфель мунарасынан театрга чейин аркан менен баскан дарчы. Видео

31
(жаңыланган 15:02 20.09.2021)
Франциялык экстрим Натан Полен асманда аркан менен 670 метр жолду жыгылбай, мүдүрүлбөй басып өткөн.

Бул туурасында жазган RT бул номерин ал Европа мурастарынын күнүнө арнагандыгын жазды.

Дарчынын "сапары" Эйфель мунарасынан башталып каршысында турган Шайо улуттук театрынан аяктаган.

Бул трюкту спортчу ар кыл кырсыктан камсыздаган жипти белине байлап алып жасаган.

31
Белгилер:
Франция, мунара, театр
Тема боюнча
Аскага чыкканына сүйүнгөн спортчу секире коюп олуттуу жаракат алды. Видео

Бизнестен, батирден баш тартып. Кыргызстандык түгөйлөрдүн шыктандырган видеосу

95
(жаңыланган 13:53 20.09.2021)
Калыбек Кадыр менен Чолпон Даниярова 30 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Мурда алар бизнес менен алектенишсе, кийин бул үй-бүлө жашоосун таптакыр башка нукка өзгөрткөн.

Алар шаардагы бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн шарттан, батирден баш тартышкан. Жайында Ысык-Көлдө жашаса, кышында жылуу өлкөлөргө кетип калышат.

Калыбек кайтсёрфингге, Чолпон сапсёрфингге үйрөтөт. Түгөйлөр эми алардын өзүнүн сүйгөн ишине жана спортко көңүл бурууга мезгил келгендигин айтып беришти. Балдар чоңойду, аларга кам көрүп карагыдай кичинекей эмес. Андыктан өмүрдү кызыктуу кылып өткөрүп, рахатын көрүү керек дешет.

95
Белгилер:
Кыргызстан, Балыкчы, Ысык-Көл, түгөй, кайтсерфинг, сапсерфинг
Тема боюнча
"Орёл и решканын" экинчи бөлүгү чыкты. Ысык-Көлдө тартылган видео
Кишендер. Архив

Чүйдө жигитти уурдап кетип 100 миң сом талап кылган деп үч киши кармалды