Кыргызстанды кыдырган россиялык блогер кубанычтан жашып... Видео

Жазылуу
Россиялык YouTube-блогер Кыргызстан тууралуу бир нече видео жарыялады. Лариса Булина бул эң сонун саякат болгонун белгилеген.

Блогер Кыргызстанга жазында да келген. Башында ал Бишкек, кыргызстандыктар тууралуу видео чыгарып, кийин Нарын менен Ысык-Көлдүн түштүк жээгине барган.

Саякатын уланткан Булина боз үй, шырдак, "Жомок" каньонун жана каралбай калган "Аалам Ордо" этнокомплексин көрсөткөн. Андан кийин капчыгайга барып, чатырда таң атырып, сезимдери менен бөлүшкөн.

"Буга чейин барган башка мамлекеттерди таарынтып алгым келбейт, бирок менин Кыргызстанга болгон саякатымдай укмуштуудай сонун саякат бир да жерде болгон эмес. Бул жерде мен жолуктурган адамдардын көздөрүнөн гармония, бакытты көрүүгө болот. Мындайды чоң шаардын жашоочуларынан сейрек кездештиресиң. Мындай адамдарды көрүп алып эле эс аласың. Бул жерден өзүмдү ушунчалык бактылуу сезип, шайыр, сулуу көрүнөм. Сезимдеримди өзүм менен кошо ала кетким келет. Айтор, бул мамлекетти таап алганым үчүн бактылуумун", — деп айтып, жашып кеткен.

Андан соң ал бөбөктөр менен жолугуп, биринчи жолу кымыз ичип, ат минген.

Жаңылыктар түрмөгү
0