Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электр станциясы ишке кирди. Видео

988
(жаңыланган 20:43 28.08.2021)
Өзбекстан өлкө тарыхында алгачкы жолу кубаттуулугу 100 мегаваттка жеткен күндүн нуру менен иштеген фотоэлектр станциясын ишке киргизди.

Sputnik Өзбекстан агенттигинин маалыматына караганда, ишке киргизүү салтанатына өлкө президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Станция Навои облусунда жайгашкан. Аны Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурлай ишке беришти.

Анын курулушу былтыр башталган. Ага Бириккен Араб Эмирлигинин "Masdar" компаниясын 110 миллион доллар салып, 300 миң панель орнотулду.

Адистердин айтымында, Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электр станцияларын көбөйтүү менен жалпысынан 600 миллиард киловатт-саат электр энергиясын алса болот. Бул өлкө эли колдонгон энергиядан сегиз эсе көп.

988
Белгилер:
Өзбекстан, күн, электр энергиясы, станция, курулуш
Тема боюнча
"Раззаковдун" жардамы менен Баткен коңшу өлкөлөргө көз каранды болбойт
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү да, агымы да азаюуда

Баңгизатты Бишкектин ар кайсы жерине таштап, сатып жүргөндөр кармалды. Видео

128
(жаңыланган 12:19 28.09.2021)
Эсептей келгенде Бишкектин ар кыл аймактарынан таштардын алдына, жалбырактардын арасына жана башка жерлерге катылган 21 даана баңгизат баштыкчалары табылган.

Даярдалып, түтүкчөлөргө, баштыкчаларга салынган баңгизатты Бишкек шаарынын ар кыл жерлерине таштап, кардарларга ошол жерден алып кетүүгө шарт түзүп берип жүргөн кишилер кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"4-сентябрда Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү боюнча кызмат менен Аламүдүн райондук ИИБдин кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, интернет-дүкөндөн баңгизаттын партиясын алып жаткан 23 жаштагы жаранды кармаган. Анын шымынын оң чөнтөгүнөн тоголоктолуп, кызыл түстөгү 18 даана түтүкчөгө салынып даярдалган зат табылган. Ал жапайы кара куурай (гашиш-чарс) жыттанып турган", — деп айтылат маалыматта.

Андан аркы ыкчам иштердин жүрүшүндө кармалган С.А. аталган баңгизаттын алдын ала кайсы жерге катылганын милицияга көрсөтүп берген. Эсептей келгенде Бишкектин ар кыл аймактарынан таштардын алдына, жалбырактардын арасына жана башка жерлерге катылган 21 даана баңгизат баштыкчалары табылган. ИИМ тараткан видеодон алардын кызыл жана сары түстөгү түтүкчө сымал нерсеге салынгандыгын көрүүгө болот.

"Кармалган кишиден алынган баңгизатты эсептегенде 40 даана чыккан. Алар бир ирет пайдаланууга ылайыкталып жасалган. Бир граммы 3 100 сом болуп, жалпы суммасы 124 миң сомду түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Ушул эле күнү Бишкектеги соода борбордун жанынан кылмышка катыштыгы бар деп шектелип дагы бир адам, 21 жаштагы жаран кармалды.

"Ал баңгизатты ар кыл жерге таштап, сатып жүргөнүн мойнуна алган. Кайсыл жерге таштаганын да көрсөтүп берген. Милиция көк түстөгү 20 даана түтүкчөнү тапты. Анын ичинен кристалл сындуу зат чыккан. Адистин айтымына караганда, ал Альфа-PVP (a-PVP) деп аталган психотроптук зат. Салмагы 20 граммды түзгөн 240 дозалык (бир граммы 3500 сом) бул кесепеттүү заттын жалпы баасы 70 миң сом болгон", — деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, кармалгандар тергөө абагына киргизилген. Милиция бул топтун башка мүчөлөрүн издөө ишин баштаганы айтылды.

ИИМ элге кайрылып, баңгизаттарды жарнама кылып жаткандарды көргөндөрдү же ушул маанайдагы кандайдыр бир маалымат уккандарды 102 номерине чалууну өтүндү.

128
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, баңгизат, милиция, кармоо
Тема боюнча
Жалал-Абадда бир суткада 9 килограммга жакын нашаа табылды. Видео
УКМК баңгизат сатуу боюнча ири канал түзгөн топту аныктап, бир мүчөсүн кармады

Ысык-Көлдө Су-25 "душманга" бомба таштап... Машыгуунун видеосу

173
(жаңыланган 11:25 28.09.2021)
Канттагы россиялык аскердик базанын штурм жасаган Су-25 учагынын экипажы Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда машыгуу жүргүзүп, шарттуу түрдө белгиленген "душманга" бомба таштады.

Бутага алынган, калкаланып, жашырынган "жоону" жок кылуу үчүн ФАБ-250 авиациялык бомбалары колдонулганын аскердик базанын маалымат кызматынан кабарлашты.

Учкучтардын 40ка чукул авиабомбаны күндүз колдонгону айтылды.

Россиялык бириктирилген "Кант" аба базасы Тез арада аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоого катышат. Базанын куралдануусунда штурм кылуучу Су-25 жана Ми-8 тик учактары турат.

173
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, 'Кант' авиабазасы, Су-25, бомбалоо
Тема боюнча
АКШ Борбор Азиядагы россиялык аскер базаларды колдонуу ниетинде
Россия менен Беларустун биргелешкен машыгуусу. Асмандан тартылган видео
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

598
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

598
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти