Муундан-муунга өткөн мурас. Эгемендиктин 30 жылдыгына карата видеоролик

951
(жаңыланган 10:51 29.08.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттиги Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата нарк-насил, каада, тарбия, кыргыздын табияты тууралуу кыска видеороликтерди сунуштайт.

Кыргызстан - чокусу асман тиреген улуу тоолордун мекени. Кыргызстан — пейили кенен, меймандос кыргыз элинин мекени. Башка улуттан каада-салтыбыз, терең тарыхыбыз менен айырмаланып келебиз. Эзелтен элибиз кол өнөрчүлүк, зергерчилик, устачылык, аңчылык менен алектенип, ата-бабалардын бул өнөрлөрү муундан-муунга өтүп мурас катары сакталып келе жатат. Азыр да эл арасында аялдардын ичинен чыккан уздар, эркектерден чыккан усталар арбын.

951
Белгилер:
Кыргызстан, кол өнөрчүлүк, мурас, зергерчилик, устачылык
Тема:
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо (65)
Тема боюнча
Көздүү мончок жерде калбайт. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата видеоролик
Аял — үйдүн куту. Кыргыз аялынын табиятын көрсөткөн майрамдык ролик
Ынтымак бар жерде ырыс бар! Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган ролик

"Нокауттардын ханышасы". Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео

7
(жаңыланган 12:24 20.09.2021)
Аралаш мушташ спортун чагылдырган белгилүү ERA MMA интерактивдик журналы Валентина Шевченконун карьерасы тууралуу видео жарыялады.
"Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу. Алардын бири Валентина Шевченко. Ал сүрөттү мыкты тартат, чимириле бийлейт, таамай атат жана бир нече тилде эркин сүйлөйт. Эң негизгиси ал күчтүү мушкер, атаандаштары ага туруштук бере албайт, кайталангыс кармаштары менен өзүнүн атын тарых бетине жаза алды", — деп айтылат видеодо.

Роликте Шевченконун бардык беттештери көрсөтүлгөн. ERA MMA сайты Шевченкону профессионалдык спортто жолу кантип башталып, UFC уюмунун чемпиондук курун кантип багындырганын баяндаган.

Мушкердин кезектеги беттеши 25-сентябрга белгиленген, ал америкалык Лорен Мерфи менен кез келмекчи.

7
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, мушкер, карьера, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко ринг-гёрлз кыздарды жактап, Хабибдин сынына жооп кайтарды
Лас-Вегаста өткөн UFC турниринин урунттуу учурлары. Видео

Бир нече мүнөттүн ичинде үч ажалдан кутулган антилопанын видеосу

74
Туристтер антилопанын бир эмес, бир нече ирет кургак жерден да, суунун ичинен да кол салууга камданган душмандарынан кутулуп, ажалдан аман калган учуруна күбө болгон.

Бул тууралуу видео Latest Sightings YouTube каналына жарыяланды.

Бул күлүк, бирок алсыз жаныбар алгач африкалык 16 жапайы иттин таландысына кала жаздаган. Жанына күч келгенде көлмөгө кире качкан. Кыңшылаган гиена сыяктуу иттер олжосунан кол жууп, шилекейин чууртуп жээкте кала берген.

Видеону ошол жерде туристтерди коштоп жүргөн 24 жаштагы Рейнжер Дэниел Хитчингс тартып алган.

Антилопа сууга кирип аркы өйүзгө сүзүп бара жатканда андан бир нече метр аралыкта крокодил пайда болуп, тооруп баштаган. Сырттан карап турган кишинин чыдамы кете турган бул картина эч кандай окуясыз аяктап, антилопа аллигатордон да кутулган. Үчүнчү дагы бир кооптуулук аны жээкке жакын жерде күтүп турган. Үйүрү менен сууга түшүп жаткан бегемоттордун эң ириси ага жакындап келип, секиргенде антилопа шамдагайлыгы менен чет жакка ойт бергенге жетишип калган. Алсыз, бирок эч кимге зыяны жок жаныбар бактыга жараша, бир нече ирет ажалдын чеңгелинен кутулуп, жээкке чыгып, андан ары секирген тейде бадалдын арасына кирип кеткен. Ошентип, бул ирет да ага жашоо жылмайган.

74
Белгилер:
Түштүк Африка Республикасы, жаратылыш, антилопа, жайыт, ит, бегемот
Тема боюнча
Кудум ниндзядай. Кабыландын антилопага чукул келип кол салган видеосу
Жан айласын кылып сууга кирген антилопанын кейиштүү окуясы. Видео