Сулата тээп, көтөрүп чаап. UFC турнириндеги кызыктуу учурлар бир видеодо

150
Өткөн түнү Лас-Вегаста UFC Vegas 35 турнири болду. Салт болуп калгандай UFC уюму турнирдеги эң кызыктуу беттештердин видеотоптомун даярдаган.

Спорттук иш-чаранын негизги беттешинде жарым жеңил салмактагы грузиялык Гиги Чикадзе менен бразилиялык Эдсон Барбоза кармашты. Үчүнчү раундда рефери Барбозага техникалык нокаут берген. Чикадзе үчүн бул 14-жеңиш, ал эми бразилиялык мушкер 22 жолу утуп, бул анын 10-жеңилүүсү болгон.

Орточо салмакта Брайан Баттл Гилберт Урбинди артынан муунтуп утса, жеңил салмакта Рики Турсиос калыстын чечими менен Брэди Хайстэндди жеңген.

150
Белгилер:
UFC, турнир, беттешүү, мушкер
Тема боюнча
UFC мушкери Антонина Шевченконун ким менен беттешери анык болду
UFC легендасынын уулу атаандашын бир ирмемде сулата тээп жеңди. Видео

Вулкандын укмуштуудай атылышы: тоодой чок бут алдыңа жылып келе жаткан видео

143
Сицилиядагы атактуу Этна жанар тоосу кайрадан атылып, адамзатка, жан-жаныбарга табияттын, өзүнүн эбегейсиз күчүн көрсөтүп жатат.

YouTube-каналга 21-сентябрь деген дата менен жарыяланган вулкандын видеосу кишини кайдыгер калтырбайт.

RT Этна вулканынын атылышынан кийинки бир нече чакырымга жеткен чаң жергиликтүү аэропорот менен социалдык кызматтардын ишин татаалдантканын кабарлады. Маалыматта анын түтүнү менен чаңы 9 чакырым бийиктикке жеткени айтылды.

Учурда кратердин түндүк-батыш жагында лава агып, туристтер бул өзгөчө көрүнүшкө суктанганын түгөтө албай жүргөнүн кадрлардан көрүүгө болот.

143
Белгилер:
Сицилия, Этна, жанар тоо, лава, турист
Тема боюнча
Жер жамынган кызыл ажыдаар жылып келе жаткандай. Испаниядагы лаванын видеосу

Чөөнү каңшылата кубалаган кичинекей гепарддын видеосу

120
Түштүк Африкадагы Серенгети жаратылыш паркында кара кулак шерлердин тобу жашайт. Алар - энеси Аиша жана төрт күчүгү. BBC операторлору алардын күнүмдүк турмушу тууралуу видео тарткан.

Кадрдан энеси аралыкта туруп көз салып, ал эми балдарынын антилопа менен тамактанып жатканын көрүүгө болот. Алардын айланасында кандын жана эттин жыты жай бербей, чөөлөр ары-бери чуркап, жакын келе албай жүрөт.

Алгач майда жырткычтарды эне гепард кууп салганы менен алар кайрадан келишкен. Бир нече мүнөттөн кийин күчүктөрдүн бири Дума чөөлөрдү чачырата кууп, беркилер коркконунан каңшылай качкан.

Башкаларга тамагын тарттырып жибербөө үчүн, дегеле жашоо үчүн күрөштү Дума жакшы өздөштүргөндөй. Ал беркилерди бир нече ирет айланта кууп, акыры чөөлөр анын айбатына чыдабай жолго түшкөнүн видеодон көрүүгө болот.

120
Белгилер:
Түштүк Африка Республикасы, жаратылыш, парк, гепард, чөө, видео
Тема боюнча
Бир нече мүнөттүн ичинде үч ажалдан кутулган антилопанын видеосу
АКШ доллары жана бет кап. Архив

Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме

16
Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанга кайсы өлкөдөн канча инвестиция келгенин жана алар кайсы тармактарга жумшалганын Улуттук статистика комитети маалымдады.

КМШга кирбеген өлкөлөрдүн арасынан негизги инвесторлор Канада (жалпы инвестициянын 28,8 пайызы) Кытай (25,3 пайыз), Нидерланд (10,5 пайыз), Швейцария (7,4 пайыз), Улуу Британия (4,9 пайыз) жана Түркия (4,5 пайыз) болду.

Акча салынган тармактар:

  • Канада — өндүрүш;
  • Кытай — өндүрүш, геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу;
  • Нидерланд — маалымат, байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Швейцария — пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Улуу Британия — геологиялык чалгындоо;
  • Түркия — курулуш, дүң жана чекене соода, өндүрүш.
  • КМШдагы өлкөлөр:
  • Россия — өндүрүш, дүң жана чекене соода;
  • Казакстан — пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, геологиялык чалгындоого;
  • Өзбекстан — дүң жана чекене соода, өндүрүш;
  • Азербайжан — дүң жана чекене соода.

Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

Баса, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция 1,6 эсеге, башка мамлекеттерден 2 эсеге азайган.

16
Белгилер:
Кыргызстан, инвестициялар, экономика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы