Ээсине эркелеп жатып көз ирмемде "азезилге" айланган ит. Кызыктуу видео

1888
(жаңыланган 19:13 04.09.2021)
Сыртынан караганда сүйкүмдүү көрүнгөн, ал тургай куйругун шыйпаңдатып, ээсине эркелеген иттин көз ачып жумганча агрессиялуу болуп, ал тургай көздөрү кызарып кеткен видео интернет айдыңына чыкты.

Окуя Бразилиянын чыгыш тарабындагы Эспирита-Санта штатында болгону айтылды.

Кожойкеси эртең менен итин бир топко чейин эркелете сүйлөп, атынан чакырып табагына тамагын салып жатканда, сүйкүмдүү жаныбар "азезилге" айланып кеткен.

Ырылдап, кожойкесине кол салчудай болуп, ал тургай көздөрү төбөсүнө аңтарылып, кызарып кеткенин көргөн аял чочуп кеткен. Бул учурда бөлмөнүн ар жагынан каткырган үндү угууга болот.

Ит тамагын кызганып, ырылдаганын бир нече мүнөткө чейин токтоткон эмес. Бирок аны менен катар эле тамагын шашкалактап жей баштаган.

Кожойкенин чочуп кеткени менен ити видеого тартууну улантканына караганда, үй жаныбарынын мындай "өнөрү" ага тааныш болгон деп боолголоого болот. Кыязы, аял бардык жаныбарлар ачка болгондо кандай агрессиялуу болуп каларын көрсөткүсү келген.

1888
Белгилер:
Бразилия, ит, агрессия, тамак
Тема боюнча
Буту менен мойну өзгөчө узун ит АКШда жашайт. Видео

Эйфель мунарасынан театрга чейин аркан менен баскан дарчы. Видео

37
(жаңыланган 15:02 20.09.2021)
Франциялык экстрим Натан Полен асманда аркан менен 670 метр жолду жыгылбай, мүдүрүлбөй басып өткөн.

Бул туурасында жазган RT бул номерин ал Европа мурастарынын күнүнө арнагандыгын жазды.

Дарчынын "сапары" Эйфель мунарасынан башталып каршысында турган Шайо улуттук театрынан аяктаган.

Бул трюкту спортчу ар кыл кырсыктан камсыздаган жипти белине байлап алып жасаган.

37
Белгилер:
Франция, мунара, театр
Тема боюнча
Аскага чыкканына сүйүнгөн спортчу секире коюп олуттуу жаракат алды. Видео

Бизнестен, батирден баш тартып. Кыргызстандык түгөйлөрдүн шыктандырган видеосу

102
(жаңыланган 13:53 20.09.2021)
Калыбек Кадыр менен Чолпон Даниярова 30 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Мурда алар бизнес менен алектенишсе, кийин бул үй-бүлө жашоосун таптакыр башка нукка өзгөрткөн.

Алар шаардагы бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн шарттан, батирден баш тартышкан. Жайында Ысык-Көлдө жашаса, кышында жылуу өлкөлөргө кетип калышат.

Калыбек кайтсёрфингге, Чолпон сапсёрфингге үйрөтөт. Түгөйлөр эми алардын өзүнүн сүйгөн ишине жана спортко көңүл бурууга мезгил келгендигин айтып беришти. Балдар чоңойду, аларга кам көрүп карагыдай кичинекей эмес. Андыктан өмүрдү кызыктуу кылып өткөрүп, рахатын көрүү керек дешет.

102
Белгилер:
Кыргызстан, Балыкчы, Ысык-Көл, түгөй, кайтсерфинг, сапсерфинг
Тема боюнча
"Орёл и решканын" экинчи бөлүгү чыкты. Ысык-Көлдө тартылган видео
Парижде күндүн батышы. Архив

COVID пандемиясы турак жай тармагын да кризиске учуратты

0
(жаңыланган 16:58 20.09.2021)
Учурдагы кырдаал пандемияга чейин турак жайларга коюлган төмөн пайыздык чен менен COVID-19дан кийинки өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгынан келип чыккан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы турак жай рыногун да курч кризиске кептеди. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Макаланын автору Алан Кроуфорддун айтымында, көйгөйлөр сатып алуулар тармагынан тышкары үй менен батирлерди ижарага алууда да байкалып жатат.

"Көп киши турак жайынын акысын төлөй албай чыгып кетүүдө. Мындай көйгөй Берлин, Лондон, Париж жана Римде бар", — деп Германиянын борборунун мэри Михаэль Мюллер билдиргенин гезит жазды.

Кроуфорд белгилегендей, учурдагы кырдаал пандемияга чейин коюлган төмөн пайыздык чендер менен COVID-19дан кийинки өзгөрүүлөрдөн келип чыкты. Учурда үй кургандар азайып, каражатты үнөмдөп калышты, ошондой эле турак жай саткандар да аз.

Журналист мамлекеттердин өкмөтү көйгөйдү чечүүнүн оптималдуу жолун таба алган эмес, бир гана турак жай сатууга убактылуу тыюу салууну сунуштады.

0
Белгилер:
коронавирус, пандемия, турак-жай, кризис
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Жаңы штаммдарга вакцина таасир эте албай калышы мүмкүн. Сурамжылоо