Акулага жем болгон киттин баласы. Аянычтуу видео

636
Биологдор Массачусетс аймагындагы Stellwagen Bank National Marine Sanctuary деңиз коругунда акулалардын адаттан тышкаркы агрессиясына күбө болушкан. Бул тууралуу "National Geographic Россия" сайты жазды.

Окумуштуулар өз ишинин алкагында экспедицияга чыккан. Алардын максаты – гигант акулалар тукумунун андан аркы жашоосун илим үчүн байкап турууга белги – чип же маалымат берип туруучу жабдуу орнотуу эле.

Бирок орто жолдон ак акулалардын кичирээк киттин өлүгүн үзүп-жулкуп жеп жаткан көрүнүшкө кез келишкен.

Бул аянычтуу көрүнүштүн видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Биологдор сегиз ак акула киттин өлүп калган баласын жырткычтык менен жеп, андан сырткары, ошол аймактагы миңдеген канаттуулар үчүн "суу үстүндө той" жаралганына күбө болушкан.

Бул типтеги киттердин узундугу адатта 14 метрге жетет. Маалыматта аларды жай айларында ошол тегеректеги Stellwagen Bank коругунан көп кездештирүүгө болору жазылган.

"Тилекке каршы, алар көп учурда кемеге урунуп же балыкчылардын салган торуна оролуп өлүп калышат. Киттин бир жаштагы бул баласы да ушул эки себептин биринен өмүрүнөн ажыраган. Аны эмнеден өлгөндүгүн окумуштуулар так ажырата алган эмес, себеби биологдор келгенде жырткычтар аны таанылгыс кылып коюшкан", – деп жазылган сайттын маалыматында.

Бирок ал өтө айырмаланган, өзгөчөлөнгөн деңиз жаныбары болгондуктан, Веном деп аталган эне киттин эркек баласы экендигин таанышкан.

Окумуштуулар ошол жерде чогулган жырткычтардын мындан аркы жашоосуна байкоо жүргүзүү үчүн жеңил эле белги коюуга мүмкүнчүлүк жаралган. Адатта аларды издеп, көп убакыт коротууга туура келет.

Адистер киттин баласы көптөр үчүн бир жыл же андан аз убакытка даяр жем болгондугун айтышкан.

"Бул – жаратылыштын мыйзамы. Бардыгы кимдир бирөөгө жем болуш үчүн өлөт. Эч нерсе жөн эле жерден жок болуп кетпейт", – деген коруктун изилдөөчүсү Дэвид Уайли.

Акулалар киттин баласынын майын ар тараптан жулгулап жеп бүткөндөн кийин жаныбардын сөөгү жана андагы эти менен кошо океандын түбүнө акырындык менен чөгүп кеткен. Биологдор ага белги коюуга жетишпей калышкан. Эми алар жакынкы аралыкта суу алдына экспедиция уюштуруп, ага биологиялык изилдөө жүргүзүүнү пландашканы маалым болду.

636
Белгилер:
АКШ, биолог, кит, акула, суу, тор, кеме
Тема боюнча
Акулалар артынан түшкөн туристти балдар сактап калды. Видео
Жаалданган акула, шаштысы кеткен балыкчы. Австралияда тартылган видео
Акула бөлө чайнап салган деңиз жаныбары. Видео

Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео

1497
(жаңыланган 17:11 21.09.2021)
Конвой абактын ичиндеги кызматкер эмес. Ал өмүрүн тобокелге салып айыпталуучуларды бир абактан экинчисине ташыйт же сот отурумуна алып барат.

Иш моралдык жактан оор болгондуктан баары эле чыдай бербейт. Кызмат кимдер үчүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу билип келди.

Конвойлор Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаментинде кызмат өтөйт.

Аталган департаменттин жетекчисинин орун басары, полковник Муратбек Кожобековдун айтымында, өздүк курам мөөнөттөгү аскерлерден жана офицерлерден турат.

Заместитель начальника Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН Муратбек Кожобеков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаменттин жетекчисинин орун басары, полковник Муратбек Кожобеков
"Көбү 18-19 жаштагы анык мөөнөттөгү кызматкерлер. Аларды бир айлык карантинде окутуп, ок атканды үйрөтүп, уставдын беренелерин, мыйзамдарды жаттатып, даярдыктан өткөндөн кийин сынак тапшыртып кызматка дайындайбыз. Андан сырткары, офицер, прапорщиктер бар. Алардын жаш курагы 30-40тын тегерегинде. Офицердик курам толугу менен кызмат өтөөдө, бош орун деген бизде аз", — деди Кожобеков.

Департаментте иш таң атпай башталат. Аскерлер көнүгүү жасап, тамактанып, ишке даярдык көрүшөт. 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт.

Унаанын алды жагына айдоочу менен кароол башчы, арт жагына автоматчан күзөтчү менен кароол башчынын жардамчысы отурат. Алар бири-бири менен үн берүүчү аппарат аркылуу байланышта болушат.

  • Автомобиль для перевозки осужденных на территории Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН
    Конвойлор саат 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники ГСИН на территории СИЗО №1 в Бишкеке
    Унаада айыпталуучуну бир нече аскер кайтарып, коштоп барат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудник Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН у служебного авто
    Кызмат өтөгөндөр жолдо ар кандай учурларга туш болобуз дейт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН
    Абакка түшкөндөрдүн айрымдары качууга аракет кылат экен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудник Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН на онлайн судебном заседании
    Конвойлор айыпкерлерди сотко да ташыйт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН ведут задержанного
    Бирок азыр отурумдар онлайн өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН на онлайн судебном заседании
    Тергөө абактарындагы айрым бөлмөлөр аралыктан сот процессин өткөрүүгө ылайыкташтырылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 7
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Конвойлор саат 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт

Конвой менен биздин тартуу топ дагы ЖАМКтын 21-мекемесине барды. Эл ичинде №1 тергөө деп айтылган жайга сырттагыларды дыкат текшерип киргизишет экен. Бул жактан конвойлор соттолуучуну Аскер прокуратурасына алып жөнөштү.

Департаменттин 2-ротасынын кароол башчысы Иманбек Султангазиев жолдон ар кандай учурлар болуп кетерин жашырган жок.

Начальник караула 2-й роты Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН Иманбек Султангазиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Департаменттин 2-ротасынын кароол башчысы Иманбек Султангазиев
"Кол салган учурлар болгон. Эми курал менен кол салуу эмес, мушташуу ыкмалары болот. Качып кеткиси келгендер бар. Мисалы, бир жерим ооруп жатат деши мүмкүн. Бизди алаксытып, манёвр да. Анын бардыгын бизге окутат, үйрөтөт, ошонун бардыгын практика жүзүндө колдоно билебиз. Менин милдетим автоунаанын ичиндеги аскерлер менен айыпталуучулардын жана соттолуучулардын коопсуздугуна кам көрүү", — деди Султангазиев.

Автоунаа абактагыларды бир жерден экинчи жерге ташууда жолдон себепсиз токтобошу керек. Бул үчүн ЖАМК унааларга орноткон GPS-навигатор аркылуу байкоо жүргүзүп турат.

Сотрудники ГСИН проходят обучение в СИЗО №1 в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өздүк курам мөөнөттөгү аскерлерден жана офицерлерден турат

Конвойлор айыпкерлерди сотко да ташыйт. Бирок азыр отурумдар онлайн өтүүдө. Тергөө абактарындагы айрым бөлмөлөр аралыктан сот процессин өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Ошондой эле абактын тышында мунарада автоматчан турган аскерлерди көрсөңүз керек. Бул милдетти да ЖАМК департаментинин кызматкерлери аткарат. Алар өз аймагынан кылмышкерди качырбашы керек, зарыл учурда курал колдоно алат.

Наблюдательный пункт на территория колонии № 27 в Молдовановке. 08 сентября 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Абактын тышында мунарада автоматчан турган аскерлерди көрсөңүз керек. Ал милдетти департаменттегилер аткарат

"Уставдын жана беренелердин негизинде жалгыз сакчы болуп турганда өз алдынча колдонууга (курал) укуктуу. Ал командирдин же жетекчинин буйругун күтпөйт", — дейт департаменттин жетекчисинин орун басары Муратбек Кожобеков.

Департаментте кызмат өтөөгө ашыккандар көп дейт жетекчилер. Себеби оңой эмес жумушта аскерлер бышат. Биринчи батальондун командири, подполковник Рахат Токтоналиев болочок аскерлерге кеңешин берди.

Командир 1-го батальона Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН подполковник Рахат Токтоналиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Биринчи батальондун командири, подполковник Рахат Токтоналиев
"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын департаментине кызмат өтөөгө военкоматтарда сынак өтө эле күчтүү. Себеби ал жактан кызмат өтөп кеткен аскер кызматкерлери башка күч түзүмдөрүнө такшалып барат. Жаңы келип жаткан аскер кызматкерлери үчүн кызмат оор эле болот . Ошого чыдап, эрктүү болушу керек. Эч нерседен тайманбагыдай болуп, жан дүйнөсүн даярдап келиши шарт. Баарына чыдайм, көтөрө билем деп. Ошондо, менимче, кызмат оңой жана жеңил өтөт", — деди Токтоналиев.
Сотрудники ГСИН на территории СИЗО №1 в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Департаментте кызмат өтөөгө ашыккандар көп дейт жетекчилер. Себеби оңой эмес жумушта аскерлер бышат.

Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаментинин кызматкерлери Кыргызстан боюнча иштеп, облус жана шаар аралап айыпталуучуларды ташыйт. Ошондой эле Россия жана Казакстан сыяктуу келишим түзүлгөн мамлекеттерден соттолгондорду алып келет.

1497
Белгилер:
ЖАМК, конвой, видео, репортаж, кызмат
Тема боюнча
Темир тор артындагы өлүм: Кыргызстандын абактарында кантип дарылашат
№50 абактан 9 кылмышкер качкан кандуу окуя. Кимдер жазаланып, эмне өзгөрдү?

Жер жамынган кызыл ажыдаар жылып келе жаткандай. Испаниядагы лаванын видеосу

105
(жаңыланган 15:25 21.09.2021)
Социалдык тармакта вулкан атылган аймакта лаванын ошол тегеректеги жүздөгөн үйлөрдү "жутуп кеткен" видеосу тарады. Ал көрүнүш Испаниянын Пальма аралында тартылган.

Эль-Пасо муниципалитетине караган аймактагы Кумбре-Вьеха 19-сентябрда атыла баштаган. Буга чейин Испаниянын улуттук географиялык институту сейсмикалык активдүүлүктү байкаган. Бир апта ичинде жер кеминде 25 миң ирет термелген. Акыркы маалыматтар боюнча, жүздөгөн үйлөр лаванын илебине туруштук бере албай, жарактан чыкса, 5000ге чукул жашоочуну коопсуз жайга көчүрүүгө туура келген.

"Эгерде өрт чыкса, жок дегенде таш калат, имаратты кайра калыбына келтирүүгө болот. Ал эми лава жолунан кезиккенди шыпырып жок кылып жүрүп отурат. Үйлөр май сыяктуу эле эрип, капкара болуп күйгөн жер гана калат", — деп айтып берген жергиликтүү тургундардын бири РИА Новостиге.

Маалыматта вулкандын лавасы эми деңизди көздөй ага баштаганы, анын саатына болжол менен 700 метрге жылып жатканы айтылды.

Мурдагы Тенегия вулканы 1971-жылы атылган.

85 миңге чукул адам жашаган бул аралда жанар тоонун атылышынан бир жума мурда жер тез-тез титирей баштаган.

105
Белгилер:
Испания, жанар тоо, лава, Пальма аралы
Тема боюнча
Жердин бетин өрт каптагандай... Африкадагы жанар тоонун видеосу
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен

Садыр Жапаров Өзбекстан парламентинин төрайымы менен жолукту

20
(жаңыланган 22:46 21.09.2021)
Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

  • Президент Садыр Жапаров встретился с председателем Сената Олий Мажлиса Узбекистана, прибывшей в страну с официальным визитом. 21 сентября 2021 года
    Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР встретился с председателем Сената Олий Мажлиса Узбекистана Танзилой Нарбаевой, прибывшей в страну с официальным визитом. 21 сентября 2021 года
    Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту

Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчы Өзбекстандын парламентине парламент аралык жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын мартында президент Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

"Олий Мажлис сенатынын төрайымы Кыргызстанда Садыр Жапаровдун бардык тармактарда жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасында болгон жакшы өзгөрүүлөрдү белгиледи. Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жалпы кыргыз элине чын дилден бакубатчылык тилеген каалоосун жеткирди. Өзбекстандын парламенти Жапаровдун Ташкентке болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусуна ар тараптуу көмөк көрсөтөрүнө ишендирди", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу соңунда Жапаров кесиптеши Мирзиёевге жылуу салам айтууну өтүнүп, ошондой эле боордош өзбек элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалаган.

20
Белгилер:
Өзбекстан, Садыр Жапаров, жолугушуу, Танзила Нарбаева
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО өкүлү менен КРдин атынан мурастар тизмесине кирчү жайларды сүйлөштү
Жапаров суучул Шуликонун рекордун каттатуу үчүн 500 миң сом бөлдү