Айсулуу эже, сизге жолуккум келет! Жаш балбан Жасминанын жүрөк жылыткан видеосу

Жазылуу
Таласта өзү теңдүү эркек бала менен күрөшүп, аны өйдө тургузбай жеңип алган 9 жаштагы Жасмина Арзыбаева кумири Айсулуу Тыныбекова менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Видеодо Жасминанын буга чейинки мелдештери да көрсөтүлгөн. Атасы Улан Турдубаевдин айтымында, ал күрөшкө 7 жашынан бери барып жүрөт. Кичинекей балбан төрт бир туугандын экинчиси, атасы электрик, апасы үй кожойкеси. Атасы Айсулуу Тыныбековага жолугуп, аны менен чогуу машыгуу кызынын кыялы экенин айтып, дүйнө чемпиону менен телефондон сүйлөшүп жатканда толкунданып, ыйлап жибергенин билдирди.

"Айсулуу эже, мен сизди жаныңыздан көрүп, колуңузду кармагым келет..." — деген Жасмина.

Айсулуу Тыныбекова аны сооротуп, келечеги алдыда экенин айтып, бир айдан кийин жолугууну убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0