Артем Новиков аскердик наам алды. Видео

322
(жаңыланган 11:36 06.09.2021)
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков мөөнөтүнөн мурда запастагы улук-лейтенант аскердик наамына ээ болду.

Ага коргоо министри Таалайбек Өмүралиев погондорду тапшырып жаткан видео Facebook социалдык тармагына жүктөлдү.

"Баткен облусундагы чек ара окуяларын жөнгө салууда күч органдарынын ишин координациялоо жана башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин ишинин жакшырышына кошкон салымы үчүн кезектеги аскердик наам мөөнөтүнөн эрте берилет", — деди Өмүралиев.

Ал мындай наамды айтылуу космонавт Юрий Гагарин жана Артем Новиков гана алганын кошумчалады.

Эске салсак, ушул жылдын жаз айларында Новиков вице-премьер кызматын ээлеп турган. Ошол мезгилдеги Баткен окуялары учурунда жерине барып иштеген. Агезде премьер-министр Улукбек Марипов чет өлкөгө иш сапары менен кеткен. Новиков кырдаалды жөнгө салып, жергиликтүү эл менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп, ыкчам жыйындарды өткөрүп турган.

Даңк ордени. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргыз-тажик чек арасы чектешкен жер тез-тезден конфликт чыккан аймакка айланган. Анын негизги себеби – делимитацияланбаган аймактар болуп жатат. 2021-жылдын апрель айында "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынан чыккан чыр куралдуу кагылышууга алып келген. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык набыт болуп, 200 жаран жабыркаган. 300дөй үй менен инфраструктуралык объект өрттөлүп, талкаланган. Тажикстан 19 киши каза таап, 87 адам жаракат алганын айткан. 30-апрелде тараптар элдешип, ок атууну токтоткон.

322
Белгилер:
Кыргызстан, Артем Новиков, лейтенант, наам
Тема боюнча
Кыргыз-Россия бизнес-форумунда талкууланган маселелердин топтому бир видеодо
Кой-Таш окуясында жабыркаган Курманкуловго генерал-майор погону тапшырылды

Токой аралап, чатырга түнөп... Путин менен Шойгу тайгада эс алган видео

136
(жаңыланган 13:00 26.09.2021)
Россия президенти Владимир Путиндин тайгада эс алып жүргөн учурдагы видеосун News24 Russia телеканалы жарыялады. Анда өлкө башчыны коргоо министри Сергей Шойгу коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.

Кадрлардан Путиндин балык уулап, токой аралап, кайык айдап жүргөнү көрүнүп турат. Ошондой эле анын чатырда түнөгөнү айтылат. Шойгу президент отурган чатырды карап "мыкты экен" деп баа берсе, Путин "мыкты иштеген кишинин турак жайы дагы жакшы болот" деп тамашалап жооп берет.

Эске салсак, Владимир Путин көбүнесе тайгада эс алат. Адатта анын кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү бир нече күнгө созулуп, коргоо министри Сергей Шойгу жанында жүрөт.

136
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, Сергей Шойгу, эс алуу, видео
Тема боюнча
Тоодон зуулдап түшкөн Путин менен Лукашенко. Эки лидердин лыжа тепкен видеосу

Мен чемпионмун, баарына даярмын! Шевченко кийинки атаандашы боюнча жооп берди

188
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жеңишинен кийин суроолорго жооп берип жатып ким менен кайсы дивизиондо болсо дагы таймашууга даяр экенин айтты.

Ага кийинки атаандашы тууралуу суроо беришти.

"Мен эч нерсеге карабай ким менен болсо дагы таймашууга даярмын. Мен бул жердемин, мен чемпионмун!" — деди спортчу.

Ошондой эле ал бир нече тилде күйөрмандарына салам жолдоп, ыраазычылгын билдирди.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Шевченко бүгүн, 26-сентябрда, америкалык Лорен Мерфини жеңип, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды. Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарындагы T-Mobile спорттук аренасында өттү.

188
Белгилер:
Валентина Шевченко, жеңиш, маек, жооп
Тема боюнча
Валентина Шевченко атаандашы Лорен Мерфини шайын кетирип утуп алды. Видео
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Кыргыз желегин желбиретип... Шевченко кантип жеңгенин көрсөткөн видеолор
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык

158
(жаңыланган 21:29 26.09.2021)
УКМКнын төрагасы кошумча кенен маалымат дүйшөмбү күнү берилерин белгилеп, дагы бир иштин четин чыгарды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

"Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер дарыгерлер менен чогуу мафия түзүшкөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

"Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык", — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.

158
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, УКМК, Күйүүчү май, дары-дармек
Тема боюнча
Бишкек: заводдун аймагынан бомба табылган жок. Ишти эми УКМК изилдейт
Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты