15 миң сом айлыктан кантип акча арттырса болот? Sputnik мультфильми

Жазылуу
Капысынан жумушсуз калган учурда кыйналбаш үчүн учурдагы айлыктан кантип акча арттырып, аны топтосо болот? Sputnik Кыргызстандын анимациялык долбоорунда айлыктын жок дегенде 10 пайызын үнөмдөө жолдору көрсөтүлөт.

Буга чейин биз акчаны эсептебей короткондун кесепети тууралуу сөз кылганбыз.

Бул жолку мультфильмде айлыктан бир аз да болсо акча арттырып калуунун жол-жобосун көрсөтөбүз. Айдан артып калган же топтогон тыйыныңызды жөн катпай эселентип алуу үчүн туура инвестициялоону өздөштүрүп алган дурус. Жок дегенде инфляциянын эсебинен аманаттын наркы түшүп кетпеши керек.

Учурда финансылык сабаттуулук темасы болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турат. Өзгөчө пандемиянын айынан кыйраган дүйнөлүк экономика калыбына келе элек.

Тааныш-билиш менен кызматка алгандын арты эмне болот. Sputnik мультфильми - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Тааныш-билиш менен кызматка алгандын арты эмне болот. Sputnik мультфильми
"Sputnik мультфильми" — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин окурманга дүйнөдө болуп жаткан экономикалык, социалдык, саясий жана башка татаал процесстерди каймана чагылдырып бере турган долбоору.

"Sputnik мультфильми" агенттиктин окурмандары көнүп калган адаттагы башка материалдарына окшобогону менен бирөөнүн намысына шек келтирүү максатын көздөбөйт. Мультфильмдеги кадрларды коштоо жана материалды берүү үчүн зарыл болгон тексттер окулуп, анын ичинен сленг колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0