Роналдунун "Манчестер Юнайтеддин" курамында машыккан алгачкы видеосу

Жазылуу
Англиянын "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу өзүнүн YouTube каналына командага жаңыдан кошулган португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун алгачкы машыгуусунун видеосун чыгарды.

Алар ушул аптанын этегинде өтө турган Англия премьер-лигасынын кезектеги турунда "Ньюкасл Юнайтед" клубун кабыл алып, беттеште Роналдунун дебюту күтүлүп жатат.

Буга чейин футболчу испаниялык "Реал" жана италиялык "Ювентус" командаларында ойноп келген. Англиялык клубда Роналду 2003–2009-жылдары ойногон.

Чабуулчу Португалияга баргандыктан клубга келерден мурда үй карантининде болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0