Афганистанды багынткан талибдер. Өлкөдөгү кырдаалды көрсөткөн видео

247
(жаңыланган 13:26 08.09.2021)
Ушул жылдын август айында "Талибан"* кыймылы Афганистанды басып алып, жаңы өкмөт түзүп, өлкөдө өз бийлигин жүргүзө баштады. Согушкерлердин мындай кадамынан кийин көптөгөн жай тургундар өлкөнү таштап кетүүгө аракет кылышкан.

"Талибан"* кыймылы радикалдык исламга жакын болгондуктан афгандыктардын көбү алардан чочулоодо. Жай тургундар аларды мурдагыдай катуу чектөө коет деп ойлоп, ошол учурдагы эрежелердин кайра кирүүсүнөн коркуп жатканын айтышкан.

Бирок кыймыл жарандардын укугу менен эркиндигин камсыз кылып беребиз деп убадалап жатат.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Панжшер провинциясы Афганистанда талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан жалгыз аймак болчу. Бирок 6-сентябрда талибдер бул аймакты да толугу менен көзөмөлүнө алганын жар салды.

247
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, бийлик, басып алуу, видео
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (229)
Тема боюнча
"Талибан" кыймылы Афганистан өкмөтүнүн жаңы курамын жарыялады
Афганистан: Нангархарда "Ислам мамлекетинин" 80 согушкери кармалды

Токой аралап, чатырга түнөп... Путин менен Шойгу тайгада эс алган видео

118
(жаңыланган 13:00 26.09.2021)
Россия президенти Владимир Путиндин тайгада эс алып жүргөн учурдагы видеосун News24 Russia телеканалы жарыялады. Анда өлкө башчыны коргоо министри Сергей Шойгу коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.

Кадрлардан Путиндин балык уулап, токой аралап, кайык айдап жүргөнү көрүнүп турат. Ошондой эле анын чатырда түнөгөнү айтылат. Шойгу президент отурган чатырды карап "мыкты экен" деп баа берсе, Путин "мыкты иштеген кишинин турак жайы дагы жакшы болот" деп тамашалап жооп берет.

Эске салсак, Владимир Путин көбүнесе тайгада эс алат. Адатта анын кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү бир нече күнгө созулуп, коргоо министри Сергей Шойгу жанында жүрөт.

118
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, Сергей Шойгу, эс алуу, видео
Тема боюнча
Тоодон зуулдап түшкөн Путин менен Лукашенко. Эки лидердин лыжа тепкен видеосу

Мен чемпионмун, баарына даярмын! Шевченко кийинки атаандашы боюнча жооп берди

158
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жеңишинен кийин суроолорго жооп берип жатып ким менен кайсы дивизиондо болсо дагы таймашууга даяр экенин айтты.

Ага кийинки атаандашы тууралуу суроо беришти.

"Мен эч нерсеге карабай ким менен болсо дагы таймашууга даярмын. Мен бул жердемин, мен чемпионмун!" — деди спортчу.

Ошондой эле ал бир нече тилде күйөрмандарына салам жолдоп, ыраазычылгын билдирди.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Шевченко бүгүн, 26-сентябрда, америкалык Лорен Мерфини жеңип, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды. Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарындагы T-Mobile спорттук аренасында өттү.

158
Белгилер:
Валентина Шевченко, жеңиш, маек, жооп
Тема боюнча
Валентина Шевченко атаандашы Лорен Мерфини шайын кетирип утуп алды. Видео
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Кыргыз желегин желбиретип... Шевченко кантип жеңгенин көрсөткөн видеолор
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык

7
(жаңыланган 21:29 26.09.2021)
УКМКнын төрагасы кошумча кенен маалымат дүйшөмбү күнү берилерин белгилеп, дагы бир иштин четин чыгарды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

"Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер дарыгерлер менен чогуу мафия түзүшкөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

"Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык", — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.

7
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, УКМК, Күйүүчү май, дары-дармек
Тема боюнча
Бишкек: заводдун аймагынан бомба табылган жок. Ишти эми УКМК изилдейт
Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты