Депутаттыкка талапкерлер качан каттоодон өтөт? Шайлоо этаптарынын календары

Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары менен этаптары тууралуу календарь жарыялады.

Ага ылайык, 7-сентябрдан тарта округдук шайлоо комиссияларын түзүү иштери башталган. Ал эми чет өлкөдөгү шайлоо комиссиялары 13-сентябрга чейин түзүлүп бүтүшү керек.

Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө:

  • Шайлоо участкаларына шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу үчүн илүү — 19-сентябрга чейин;
  • Шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү — 29-октябрга чейин;
  • Шайлоочулардын тизмесиндеги ката же так эместик, тизмеден чыкпай калуу жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу — 19-сентябрдан 21-октябрга чейин;
  • Шайлоо участкаларына шайлоочулардын акыркы тизмесинин экинчи нускасын илүү — 21-ноябрга чейин;
  • ЖК депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү — 14-октябрга чейин;
  • ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо — 29-октябрга чейин;
  • Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү — 29-октябрынан 27-ноябрдын саат 08:00үнө чейин;
  • Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү — 27-ноябрь, саат 08:00дөн 20:00гө чейин;
  • Добуш берүү — 28-ноябрь, саат 08:00дөн 20:00гө чейин;
  • Шайлоонун расмий жыйынтыгын аныктоо — 18-декабрга чейин.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо бул ирет аралаш система менен өтөт. Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме аркылуу преференциалдык система менен шайлайт. Ал эми 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдан тандалып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0