Кароосуз калган кемелердин "көрүстөнү". Мурманскиден тартылган видео

Жазылуу
Мурманск облусундагы Териберка кыштагындагы кемелердин "көрүстөнүн" асмандан дрон менен тартышкан. Кадрдан балык уулаган кайыктардын кароосуз калганын көрүүгө болот.

Бул туурасында жазган RT видеосун YouTube каналына жарыялады.

Каралбай калган автоунаалардын көрүстөнү. Дубайда тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2020
Каралбай калган автоунаалардын "көрүстөнү". Дубайда тартылган видео
Алар жээктеги кумга маталып келип токтоп, ошол боюнча кала беришкен. Бул жерден 15тей кайыкты санап чыкса болот.

"Кемелер көрүстөнү" болжол менен өткөн кылымдын 60-жылдарында пайда болгон. Аймак гүлдөп турган маалда балык уулоочу орточо кайыктар көп эле. Ал эми райондун борборун башка жакка көчүргөндө балык чарбачылыгы акырындап азайып отуруп, эски кемелер ушул жерден түбөлүккө жай алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0