Жамбаштан ашыра чимирилте чапты. Кыргыз балбаны жасаган кооз ыкманын видеосу

Жазылуу
Россиянын Новосибирск шаарында эл аралык "Мемориал Нестеренко" юбилейлик мелдеши жыйынтыкталды. Ага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субъектисинин балбандары катышып, күч сынашты.

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Акылбек Талантбеков аталган эл аралык турнирде өзгөчөлөнө алды. Беш упай деп бааланган ыкманын видеосун жергиликтүү спорттук пабликтер Youtube-каналга чыгарышты.

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2020
Кайталап көргүң келет! UWW Улукбектин күрөштөгү ыкмасын мыкты деп тапты. Видео
77 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык балбан мелдештин 8/1 финалында россиялык Вадим Чернышев менен кез келип, аны таза техникалык артыкчылык менен утканын Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү тастыктады. Талантбеков биринчи эле бөлүктө 5:0 эсебинде утуп жатып, жерде жаткан атаандашын так көтөрүп, жамбаштан ашыра чимирилте чапкан. Бул ыкмага калыстар тарабынан беш упай берилип, таймаш мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Белгилей кетсек, 11-12-сентябрда Россиянын Новосибирск шаарында эл аралык "Мемориал Нестеренко" юбилейлик мелдеши өттү. Ага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субъектисинин балбандары катышып, күч сынашты.

Кыргызстандык балбандар Бексултан Махмудов (97 килограмм) менен Калы Сулайманов (63 килограмм) өз салмактарында мелдештин коло байгесин утушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0