Жалал-Абадда бир суткада 9 килограммга жакын нашаа табылды. Видео

Жазылуу
11-сентябрда Жалал-Абад облусунда эки килограмм нашаа менен өзбекстандык жаран кармалган. Көп өтпөй башка шектүүдөн дагы 7 килограммга жакын баңгизат чыккан.

Милиция 9 килограммга чукул афган гашишин тапканын ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, видеосун таратты.

11-сентябрда саат 14:00гө чукул Жалал-Абадда 51 жаштагы Т. О. аттуу өзбекстандык жаран кармалган. Милициянын айтымына караганда, ал Өзбекстанда да, Кыргызстанда да бир нече ирет сот жообуна тартылган.

"Кармалган жаранды текшергенде жанынан түстүү баштык табылып, анын ичинде скотч менен оролгон эки таңгактагы кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат чыккан. Жалпы салмагы 1 килограмм 905 грамм болгон заттын "афган гашиши" экендиги аныкталган.

9 килограммга жакын гашиш кыргызстандык аялдан табылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Кыргызстандык аялдан 9 килограммга жакын гашиш табылды. Сүрөт
Ошол эле күнү Т.О. саат 19:00дөр чамасында баңгизатты сатууну көздөгөнү анык болду. Саткан баңгизатынын акчасын алып жатканда Сузак районунун 1995-жылы туулган К.А. аттуу тургуну кармалган. Тинткенде шымынын оң чөнтөгүнөн 8000 доллар табылган", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Ал эми 12-сентябрда түнкү саат 01:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарында К.А. аттуу жарандын жашаган жерин текшере келгенде 5 таңгак зат табылган.

"Анын жалпы салмагы 6 килограмм 922 грамм, "афган гашиши" болуп чыкты. Иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизат Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан сугат талааларынан жеткирилгени аныкталды", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0