Вулкандын укмуштуудай атылышы: тоодой чок бут алдыңа жылып келе жаткан видео

Жазылуу
Сицилиядагы атактуу Этна жанар тоосу кайрадан атылып, адамзатка, жан-жаныбарга табияттын, өзүнүн эбегейсиз күчүн көрсөтүп жатат.

YouTube-каналга 21-сентябрь деген дата менен жарыяланган вулкандын видеосу кишини кайдыгер калтырбайт.

RT Этна вулканынын атылышынан кийинки бир нече чакырымга жеткен чаң жергиликтүү аэропорот менен социалдык кызматтардын ишин татаалдантканын кабарлады. Маалыматта анын түтүнү менен чаңы 9 чакырым бийиктикке жеткени айтылды.

Учурда кратердин түндүк-батыш жагында лава агып, туристтер бул өзгөчө көрүнүшкө суктанганын түгөтө албай жүргөнүн кадрлардан көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0