Белгилүү боксчу көз караштар таймашында атаандашынын бетин тытып алды. Видео

Жазылуу
Бул 6-ноябрь күнү Лас-Вегаста (АКШ) өтө турган беттешке карата уюштурулган биринчи маалымат жыйын болгон.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Мексикалык боксчу, WBA, WBC жана WBO чемпиону Сауль (Канело) Альварес америкалык IBF титулунун ээси, супер орточо салмактагы Калеб Планттин бетин тытып алды. Бул туурасында ESPN телеканалы жазды.

Белгилүү мушкерлердин жаңжалы көз караштар таймашы учурунда чыккан. Алгач алар айтыша кетип, андан соң мексикалык боксчу америкалык атаандашын түртүп жиберген. Ага жооп катары кайтып келип алаканы менен чапкан. Аларды күзөтчүлөр арачалап, токтотуп калган. Натыйжада Альварестин бетинин оң тарабы тытылып кеткен.

"Сен мен тууралуу оозуңа келгендин баарын айтсаң да, апама тийишпе. Мен апам тууралуу жаман нерсе айткан кишинин ар бири менен мушташам", — деп айткан Альварес жаңжалдан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Бул 6-ноябрда Лас-Вегаста (АКШ) өтө турган беттешке карата уюштурулган биринчи маалымат жыйын болгон. Ал күнү супер орточо салмак категориясындагы абсолюттук чемпион аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0