Йемендеги "тозоктун кудугуна" түшкөн окумуштуулар. Видео

Жазылуу
Кудуктун тереңдиги 112 метрди түзөт. Бирок буга чейин бул кара чуңкурда эмне бар экени белгисиз болуп келген.

Омандык окумуштуулар тобу биринчи жолу Йемендеги "тозоктун кудугу" атыккан легендарлуу Бархаут кудугуна түшүштү. Бул тууралуу France 24 маалымат агенттиги жазып чыкты.

Миллиондогон жылдарды карыткан Аль-Махра чөлүндөгү табият кубулушу Омандын чек арасына жакын жерде жайгашкан. Кудуктун кеңдиги 30 метрдей, ал эми тереңдиги 112 метрди түзөт. Кээде андан адаттан тыш жыттар чыгары белгиленет.

Чуңкурду көрүүгө туристтер көп келери маалым. Деген менен жергиликтүү эл ал жерде жин жана башка мифтик жандыктар бар деген уламыштан улам ага баруудан кооптонушат.

Окумуштуулар адегенде андан сасык жыт чыгарын белгилешкен. Кийинчерээк кудуктун түбүнөн өлгөн канаттуу жана башка жаныбарлардын жыттанганы аныкталган. Изилдөө учурунда адистер жыландарды жана үңкүр берметин да табышкан.

"Эгерде жыландарды козгобосоң, алар да тийбейт. Биз кудуктагы суунун, таштын, топурактын жана кээ бир өлгөн жаныбарлардын үлгүлөрүн чогулттук, бирок азырынча аларды анализдей элекпиз", — деген Омандагы Немец технологиялык университетинин геология илими боюнча профессору Мохаммед аль-Кинди.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, кудукта көптөгөн тайыз ойдуңдар жана курч таштуу кыркалар бар. Болжол менен 65 метр тереңдикте дубалдын тешиктеринен суу агып, кооз шаркыратмаларды пайда кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0