Буйволду үйүрү арстандардан куткарган видео

Жазылуу
Жаракат алган буйвол аз жерден арстанга жем болуп кала жаздады. Бирок үйүрүндөгүлөр аны куткарып калганын туристтер видеого тартып алган.

National Geographic сайты жазгандай, видео Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш паркында тартылган. Африкадагы буйволдор күчтүү келгендиктен адатта арстан кол сала албай турганы белгиленет. Бул ирет туристтер өзгөчө учурга туш болушту.

Башында арстандар бир буйволду кармап алышкан, бирок аны үйүрү куткарып кетүүгө үлгүргөн. Муну менен эле токтоп калбай алар тирешин уланткан. Ортодо бир буйвол бийигирээк жерден көтөрүлөм деп буту тыгылып калып, арстандарга жем болуп калайын дегенде, үйүрү жырткычтарга айбат көрсөтүп куткарып калган. Натыйжада буйволдор аман-эсен өз аймагына кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0