Мен чемпионмун, баарына даярмын! Шевченко кийинки атаандашы боюнча жооп берди

482
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жеңишинен кийин суроолорго жооп берип жатып ким менен кайсы дивизиондо болсо дагы таймашууга даяр экенин айтты.

Ага кийинки атаандашы тууралуу суроо беришти.

"Мен эч нерсеге карабай ким менен болсо дагы таймашууга даярмын. Мен бул жердемин, мен чемпионмун!" — деди спортчу.

Ошондой эле ал бир нече тилде күйөрмандарына салам жолдоп, ыраазычылгын билдирди.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Шевченко бүгүн, 26-сентябрда, америкалык Лорен Мерфини жеңип, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды. Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарындагы T-Mobile спорттук аренасында өттү.

482
Белгилер:
Валентина Шевченко, жеңиш, маек, жооп
Тема боюнча
Валентина Шевченко атаандашы Лорен Мерфини шайын кетирип утуп алды. Видео
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Кыргыз желегин желбиретип... Шевченко кантип жеңгенин көрсөткөн видеолор

Жанын оозуна тиштеп иштешет. Кара алтын казган кызыл-кыялык "апачилердин" видеосу

330
(жаңыланган 19:07 26.10.2021)
"Апачилер" күн сайын "Кудай өзү сактасын" деп ишин башташат. Өмүрүн тобокелге салып, өзүм билемдик менен көмүр казгандарды жергиликтүүлөр ушинтип атап коюшкан.

Sputnik агенттиги Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын четиндеги кенчилердин жашоосу менен таанышты.

"Бул жер толугу менен ээн калган. Союз маалында шахта болгон, союз таркагандан кийин жабылган. 1995-жылдан бери Кызыл-Кыянын эли ушуну менен оокат кылат. Башка иш жок", — дейт кенчи Шүкүрбек Исаков.

Бир шахтада алты-жети киши иштейт, ар биринин өз милдети бар. Айрымдары жер алдынан көмүрдү казып үстүнө мүшөк менен жиберип турат, калгандары аны трос менен тартып алып, сырттагы коопсуздукту да камсыздап турушат.

  • Рабочие во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочие во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Добыча угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочий во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочие во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочие во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочий во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочий во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Добыча угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
1 / 9
© Sputnik / Эмиль Садыров
Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу

Биз барган көмүр шахтанын тереңдиги 40 метрдей экен. Бирок андан да тереңдери — 70, 100 метрге чейинкилери бар экенин айтышты. Ал эми ичинин бийиктиги эки метрдей, туурасы узун зал сыяктуу кете берет.

Отуздун тегерегиндеги Орозали Эргешовдун өмүрүнүн жарымы эле көмүр кенинде өткөн. Ал жумушчулар жанын оозуна тиштеп иштээрин белгиледи.

"Трос үзүлүп кетет, ток уруп кетиши мүмкүн. Суу чыгып кетип, сууда калып калышат. Газга көп ууланышпайт, себеби шайман менен шамал айдап турабыз. Акча табам деп ишти жакшы билбей келгендер көп. Анан ылдый түшүп баратып кулап жаракат алышат же көз жумушат. Тажрыйбасы барлар ката кетирбейт. Мен 14 жылдан бери иштейм, кырк метр тереңдиктеги забойдон 25ти каздым", — деди шахтачы Эргешов.

Жумушчулар күнүнө 1 000-1 500 сомдон, кышкысын 2 000 сомго чейин табышат. Кызыл-Кыяда бардыгы эле күнүнө мынча каражат таба бербейт. Бирок жумушчулар кээде иштин оордугунан ага деле кайыл болуп кетет. Эки баланын атасы Бактияр Токтосунов тапканы күнүмдүк тиричиликке эле кетерин айтат.

"Жалпы иштегениме 15 жылдын жүзү болду. Ага чейин ар кайсы жерден акча тапчумун, курулушта иштедим. Тапканыбыз күнүмдүк тамак-ашка кетет. Ашырып мал-жан, машина ала албайсың. Башка эмне кылабыз? Жогорку жактагылар элге жакшы жардам кылып иш таап берсе болот эле. 18-19 жаштагы балдар мигрант болуп жүрөт", — деди Токтосунов.

"Апачилердин" көмүрүн карапайым эл гана алат. Ишканалар менен иштеше алышпайт. Кечинде мүшөк көмүрлөрдү Porter автоунаасы менен ташып, мүшөгүн 200-250 сомдон сатышат.

Мындай шахталардын коопсуздук эрежелеринин сакталышын тиешелүү органдар текшерип, эскертүүлөрдү берип турат. Ошентсе да бийлик көмүрдү мыйзамсыз казгандардын ишине бөгөт коё албай келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай жерлерде адам өмүрүн алган окуялар болгону тууралуу маалыматтарды да берип келет.

330
Белгилер:
Кызыл-Кыя, шахта, көмүр, видео
Тема боюнча
Сузакта шахта урап, ичинде калып калган эки киши көз жумду
Айдоочуга сыноо, жүргүнчүгө азап берген жол. Бишкек — Ош трассасынан репортаж

Кыжыры келип... Зоопарктагы аюу өзүн тартып жүргөн дронду кармап алган видео

139
(жаңыланган 09:47 26.10.2021)
Якутиядагы "Орто Дойду" зоопаркында жашаган ак аюу аны жакын жерден видеого тартып алууга аракет кылган оператордун квадрокоптерин кармап алды.

Видео "360" телеканалынын YouTube-каналына жүктөлгөн.

Дрон жырткычты айланып, ар кандай ракурстан тартып жаткан. Алгач аюу техниканы кызыгуу менен карап туруп, кийин абдан жакындап келгенге кыжыры келип кеткенин байкоого болот. Бир маалда аны чаап түшүрүп, сүйрөп алып кетет.

Маалыматка караганда, дрондун ээси техникасын кайтарып алды, бирок ага чейин эле дрон бир топ талкаланып калганы айтылат.

139
Белгилер:
Якутия, дрон, зоопарк, видео, оператор, ак аюу
Тема боюнча
Антилопа баласын коргоп, арстандын кардын жарып сала жаздаган видео
Бир нече мүнөттүн ичинде үч ажалдан кутулган антилопанын видеосу
Сом монеталары. Архив

Парламент Салык кодексинин жаңы редакциясын биринчи окууда жактырды

0
(жаңыланган 16:21 27.10.2021)
Документте Google жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун биринчи окууда жактырды.

Салык боюнча жаңы документти биринчи окуудан өткөрүүгө 80 депутат макулдук берип, каршы чыккандар болгон жок.

Жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев баяндама жасап, мыйзам долбоору салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга айкалыштырууга, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүгө, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарт түзүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталганын белгиледи.

Муну менен катар Google жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталууда. Ал эми тигүү, зергерчилик, авиациялык, электробус тармактарында салыктык жеңилдиктер каралган.

0
Белгилер:
салык кодекси, парламент, жактыруу, долбоор