Кол чаап, кучактап... Депутаттар Толкунбек Абдыгуловду узаткан видео

373
(жаңыланган 13:53 29.09.2021)
Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын бүгүн, 29-сентябрда, кабыл алды.

Абдыгулов бүгүн парламентке келип президент Садыр Жапаров аны башка кызматка жөнөтүп жатканына байланыштуу өз ыктыяры менен арыз жазганын билдирди.

ЖКнын бүгүнкү жыйынында эл өкүлдөрү анын Улуттук банкты жетектеген ишин жогору баалап, кызматтан эмне үчүн кетип жаткандыгы боюнча суроолорду беришти. Ал эми бир катарлары анын отставкасын кабыл албай коюу ниети болгонун айтышты. Бирок Абдыгулов парламентарийлерден анын чечимин колдоп берүүнү суранды.

Натыйжада 66 депутаттын 62си макул болуп, төртөө каршы чыкты.

Депутаттар башкы банктын төрагасынын отставкасын кабыл алгандан кийин кол чаап, кучактап, мындан аркы ишине ийгилик каалап жылуу узатышты.

373
Белгилер:
Улуттук банк, Жогорку Кеңеш, Толкунбек Абдыгулов, отставка, депутат, узатуу
Тема:
Улуттук банктын төрагасынын алмашышы (18)
Тема боюнча
Кызматтан бошоюн, айтчу сөзүм бар. Абдыгулов депутат Ибраевге жооп берди
Парламент отставкаңызды кабыл албаса каласызбы? Абдыгуловдун жообу

Кыжыры келип... Зоопарктагы аюу өзүн тартып жүргөн дронду кармап алган видео

34
(жаңыланган 09:47 26.10.2021)
Якутиядагы "Орто Дойду" зоопаркында жашаган ак аюу аны жакын жерден видеого тартып алууга аракет кылган оператордун квадрокоптерин кармап алды.

Видео "360" телеканалынын YouTube-каналына жүктөлгөн.

Дрон жырткычты айланып, ар кандай ракурстан тартып жаткан. Алгач аюу техниканы кызыгуу менен карап туруп, кийин абдан жакындап келгенге кыжыры келип кеткенин байкоого болот. Бир маалда аны чаап түшүрүп, сүйрөп алып кетет.

Маалыматка караганда, дрондун ээси техникасын кайтарып алды, бирок ага чейин эле дрон бир топ талкаланып калганы айтылат.

34
Белгилер:
Якутия, дрон, зоопарк, видео, оператор, ак аюу
Тема боюнча
Антилопа баласын коргоп, арстандын кардын жарып сала жаздаган видео
Бир нече мүнөттүн ичинде үч ажалдан кутулган антилопанын видеосу

Шайлоо 2021: талапкерлер кайсы телеканалдардан дебатка чыгары белгилүү болду

68
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаттары преференциалдык жана мажоритардык система менен шайланат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы партияларга жана бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерге мамлекеттик телеканалдардан акысыз эфир берүүнүн жол-жобосун бекитти. БШК бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөрүн убадалады.

Маалыматка ылайык, бир мандаттуу округдун талапкерлери облустук телеканалдар аркылуу шайлоочуларга кайрылуу жасап, дебатка чыгышат. Ал эми ЭлТР телеканалында саясий партиялардын жаштардан жана аялдардан турган талапкерлеринин ортосунда дебат уюштурулат. Партия лидерлери үчүн КТРКда өткөрүлөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаттары преференциалдык жана мажоритардык система менен шайланат. Учурда БШКда талапкерлерди каттоо процесси жүрүп жатат. 29-октябрда үгүт иштери башталат.

68
Белгилер:
шайлоо, теледебат, саясый партия, БШК, талапкер, телеканал
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Шаардык кеңеш шайлаган Нарындын мэрин БШК кызматтан алып койду. Себеби
Алтын куймалары. Архив

Электрондук алтын деген эмне? Кыргызстанда кантип пайда көрсө болот

0
(жаңыланган 11:16 26.10.2021)
Кыргызстанда каражат салуу жана инвестициялоо популярдуу болуп баратат. Sputnik Кыргызстан накталай эмес металлдык эсептин артыкчылыктарын жана кемчиликтерин талдап көрүүнү чечти.

Дүйнөдө накталай эмес металлдык эсеп кеңири тараган. Кыргызстанда мындай кызматты бир нече банктар көрсөтөт.

Накталай эмес металлдык эсеп деген эмне?

Алтындын өзүн сатып албайсыз — аны сиздин эсебиңизге жазып берет. Эгер аталган баалуу металлдын баасы жогоруласа ошондон пайда көрөсүз. Аны өзүңүздүн эле банкыңызга сатсаңыз болот. Алдыда акча салуунун мындай түрүнүн артыкчылык жана кемчиликтерин талдап, алтынга болгон бааны билип көрөбүз.

Алтындын наркы дүйнөлүк котировкадан көз каранды, андыктан Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын кечки фиксингине таянып бааны белгилейбиз. Жыл башында троялык унциянын (31,1 грамм) наркы олку-солку болуп, бирок жалпы трендде төмөндөдү. Январдан 22-октябрга чейин унция 1943,2 доллардан 1808,25ке чейин түшүп кетти.

Быйыл эле арзандаганы болбосо, буга чейин тынымсыз кымбаттап келгенин белгилей кетүү керек. Мисалы, өткөн жылдын башында унция 1527,1 доллар турса, 2019-жылдын январында 1282,9 долларга бааланган. Башкача айтканда, быйыл арзандаса да мурунку жылдарга салыштырмалуу баасы түшкөн жок.

Артыкчылыгы

Накталай эмес металлдык эсеби барлар алтын куймаларынын ээлериндей болуп баалуу металлын урдап кетет деп кооптонбойт. Демек, сактоо жагынан кооптуулук жок.

Накталай эмес эсептен сатып алынган алтын берки куймаларга караганда арзан болот. Себеби аны жасоо жана транспорт менен ташууга акча кетпейт. Мисал үчүн бир грамм куйма 6400 сомдон жогору, ал эми электрондук алтын 5200 сомго чукул турат. Ири куймаларда мындай айырма жок, бирок сиз анчалык көп өлчөмдө алууга чамаңыз жетеби?

Көл жээкте эс алып жаткан кыз. Архив
© Sputnik / Константин Михальчевский
Жеткиликтүү. Улуттук банктан эң азы бир грамм алтын сатып ала аласыз, ал эми накталай эмес металлдык эсептин алкагында 0,1 грамм сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Албетте, алтын эле эмес, платина, күмүш да сатып алса болот. Бул ыңгайлуу, себеби алардын баасы арзан, ошондой эле бир гана баалуу металлдын наркына көз карандуулук жаралбайт.

Салымдардын диверсификациясы. Мисалы, эгер сомдун курсу түшүп баратса, алтындын баасы өсөт. Мындай жол менен накталай эмес металлдык эсеп сомдун кунунан жоготкон акчанын ордун жаап берет.

Өтүмдүүлүгү жогору (ликвиддүү) — алтынды бардык банкка жумушчу күндөрү барып сатып, накталай акчасын ала аласыз. Ошол эле учурда финансылык мекемелерге барбай деле сатсаңыз болот. Ал үчүн накталай эмес металлдык эсеп уланган карточка жасатышыңыз керек, алтын ошол убактагы баа менен электрондук түрдө сомго конвертация болот.

Кемчилиги

Накталай эмес металлдык эсепте куймаларга караганда сатып алуу менен сатуунун ортосундагы айырма жогору.

Салыштыруу үчүн 25-октябрга карата маалыматты көрсөтөлү:

  • Улуттук банкта куйма: сатып алуу — 6 442 сом, сатуу — 6 410,5 (айырма 31,5 сом);
  • Накталай эмес металлдык эсеп "А" банкында: сатып алуу — 4 590, сатуу 5 190 (айырма 600 сом);
  • Накталай эмес металлдык эсеп "Б" банкында: сатып алуу — 4 735,27, сатуу 5 046,66 (айырма 311,4 сом).

Башкача айтканда, мындан пайда көрүү үчүн алтындын баасы өсүп турушу керек.

Накталай эмес металлдык эсеп камсыздандырылган эмес. Мамлекет салымдын 200 миң сомго чейинки суммасын сактоого кепилдик берет, эгер банкта жагымсыз жагдай жаралган болсо, электрондук алтынды кайтарып алуу оңойго турбайт.

Накталай эмес металлдык эсептен (куймалардан) депозит сыяктуу пайда көрүүгө эч ким кепилдик бербейт. Эгер алтын кымбаттаса жакшы, кокус арзандап кетсе артка кетесиз.

0
Белгилер:
алтын, металл, эсеп, артыкчылык, кемчилик, пайда, Улуттук банк
Тема боюнча
Кыргызстан августта чет жакка былтыркыдан 40 эсе аз алтын экспорттоду