Улуттук банктын төрагасынын кызматтан кетер алдында айткан сөзү. Видео

1037
(жаңыланган 13:56 30.09.2021)
Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды. Биз аны жыйындан кийин сөзгө тарттык.

Абдыгулов бүгүн парламентке келип президент Садыр Жапаров башка кызматка жөнөтүп жатканына байланыштуу өз ыктыяры менен арыз жазганын билдирди.

Бирок айрым депутаттар анын кетишин чуу жараткан жаңы мыйзам долбоору менен байланыштырууда. Депутаттар Самат Ибраев менен Бактыбек Турусбеков сунуштап, финансылык технология боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. Документте Улуттук банкты көз карандысыздыгынан ажыратуу сунушталган. Буга башкы банк каршы чыккан. Ал ортодо депутат Абдыгуловдун дарегине бир катар сын айткан.

“Бул жерде финтех деп жатпайбы. Бирок мыйзамды окуп көрсөңөр, финтехтин эч нерсеси жок. Түшүнүктөрдү алмаштырып, финтех деп жакшы угулган сөздүн артына катып койгусу келип жатат. Жөн гана Улуттук банк тууралуу мыйзамды өзгөртүү аракети болууда. Жеке компанияларга Улуттук банктын алтын сактоочу кампаларында өздөрүнүн алтынын сактоого мүмкүнчүлүк бергени жатышат. Мындай болбойт. Эч бир мамлекетте, дүйнөдө мындай практика жок. Экинчиден, жеке компаниялар Улуттук банктын кызматын пайдалансын деп жатышат. Анда коммерциялык банктардын кандай зарылдыгы калат? Элдин баары Улуттук банк менен түз иштесе, алтын, валюта резервдерине, мамлекетке жалпысынан коркунуч жаралат. Күн сайын миңдеген операциялар аткарылат. Ошонун арасында арам акчалар Улуттук банк аркылуу которулуп кетсечи? Өнөктөштөр иштешүүдөн дароо баш тартышат”, — деди Абдыгулов.

Ошол эле учурда Абдыгулов анын кызматтан кетишине мыйзам долбоору жана анын демилгечилери себепкер эместигин айтты.

"Кесипкөй дискуссия деген бар. Ар кайсы мыйзам боюнча ар кандай пикирлер айтылыш керек, ошол үчүн парламент бар. Бирок жеке мамилелерге өтүп кеткенде профессионалдык этика бузулат. Мен азырынча Улуттук банктын төрагасымын. Токтом колума тийип, эркин адам болгондон кийин айта турган сөздөрүм бар”, — деди Абдыгулов.

Эске салсак, бүгүн парламент анын отставкасын кабыл алды.

1037
Белгилер:
Толкунбек Абдыгулов, Жогорку Кеңеш, отставка
Тема:
Улуттук банктын төрагасынын алмашышы (18)
Тема боюнча
Парламент Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына жактырды
Депутат Ибраев Жеенчороевди сыртка чыгып эркекче сүйлөшүүгө чакырды. Видео

Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу

59
Борбор калаада узаган жума ичинде күн жылуу болду. Аба ырайынын температурасы 19 градуска жетип, шаардыктар кечээ эле жеңил кийинип жүрүшкөн.

Күз келгени бирде ысыса, бирде сууп аба ырайы өзгөрүлмөлүү болууда. Кечээ, 21-октябрда, күн чайыттай ачылып, түркүн түскө боёлгон бак-дарактар шаардын көркүн арттырды.

Бирок жума соңунда аба ырайы сууй түшкөнү менен синоптиктер айдын аягында күн кайра жылый турганын кабарлады.

59
Белгилер:
Бишкек, күз, аба ырайы
Тема боюнча
Гүл жайнаган Бишкекке жааган кар. Шаардын асмандан тартылган видеосу

Күлүн асманга чачкан Асо. Япониядагы ири вулкандын атылып жаткан видеосу

75
(жаңыланган 11:00 22.10.2021)
Япониядагы Кумамото префектурасында Асо вулканы атылып, анын күлү асманды көздөй 3,5 чакырым бийиктикке чейин чачылды.

Аталган аймакты түтүн каптап, көктө тоодой-тоодой уюлгуган чаң пайда болду. Кайнап атылып чыккан вулкан таштары бир чакырымга чейин учуп барып түшкөн. Ал эми видеодон айланадагы элдин шашып, автоунаага, автобустарга түшүп кетип жаткандыгын көрүүгө болот.

Күн Чыгыш өлкөсүнүн бийлиги мындан улам кооптуулуктун беш деңгээлинин ичинен үчүнчү даражаны белгиледи. Ал эми ошол аймакта жашаган жергиликтүү элдин жанар тоого эки чакырымдан жакын барбашы керектигин эскертишти.

75
Белгилер:
Япония, вулкан, чаң, коопсуздук
Тема боюнча
Вулкандын укмуштуудай атылышы: тоодой чок бут алдыңа жылып келе жаткан видео
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү банктардын жетекчилери менен жолугушту

Акылбек Жапаров банк жетекчилери менен көмүскө экономиканы талкуулады

30
(жаңыланган 16:14 22.10.2021)
Жолугушууда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуу жана экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу боюнча сөз болгон.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

  • Бизнес-завтрак руководителей коммерческих банков с кабинетом министров. 22 октября 2021 года
    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Участники бизнес-завтрака руководителей коммерческих банков с кабинетом министров. 22 октября 2021 года
    Жолугушуунун негизги максаты накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу болгон
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Участники бизнес-завтрака руководителей коммерческих банков с кабинетом министров. 22 октября 2021 года
    Жапаров экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындуулук керек экендигине токтолгону айтылат
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту

Жолугушуунун негизги максаты накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу болгон. Жапаров экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындуулук керек экендигине токтолгону айтылат.

"Эң алдыңкы технологиялар ар дайым банктарда болгон. Биз накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатууну стимулдаштыруу иши министрлер кабинетинин карамагында болуусун каалайт элек. Алсак, Казакстанда салыктарды чогултуу банктардын биринин телефондогу тиркемесине жараша жогорулаган. Анда адамдар базардагы азык-түлүктөр үчүн да ал тиркеме аркылуу эсептеше баштады. Банктар жаңы технологияларды киргизүүдө жардам берет деп ишенем. Министрлер кабинетинин алдыга койгон милдеттерине толугу менен жетишүүгө болот", — деген Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы банктардын сунушун эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча чаралар кабыл алынарын убадалаган.

30
Белгилер:
коммерциялык банктар, жетекчи, Акылбек Жапаров, көмүскө, экономика
Тема боюнча
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады