Роналдунун клубу көз артууда. Жаш футболчу беш оюнчуну алдап гол киргизди. Видео

Жазылуу
Ганада 15 жаштагы футболчу Мизака Асанте жалгыз беш кишини алдап гол киргизген видеосу социалдык тармакта желдей тарады. Жаш талантка Криштиану Роналдунун командасы көз артканы айтылууда.

Жаш спортчунун талантына дүйнөлүк ЖМКлардын көзү түштү. Керемет голдун видеосун The Guardian басылмасы да өзүнүн YouTube-каналына чыгарды. 

Асанте ойногон Golden Kicks клубу жергиликтүү Mobile Fonp менен өткөн жекшембиде беттешкен. Ал оюн учурунда атаандаштын айып аянтчасынын ичинде төрт коргоочу жана дарбазачыны буйтап өткөн.  Ал эми голду бош дарбазага киргизген. 

Маалыматта Асантенин бул голу командага жеңишти камсыздоого жана жогорку дивизионго чыгууга жардамы тийгендиги жазылган.

Ал арада The Sun басылмасы жаш талантка Криштиану Роналду ойногон англиялык "Манчестер Юнайтед" клубунун жетекчилиги кызыгуу артканын жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0