Жардамчысы журналистти жулкулдатып, өзү жалтактап. Ибраевдин маеги видеодо

Жазылуу
Депутат Самат Ибраев өзү демилгелеген финансылык технология системасы боюнча мыйзам долбоору тууралуу айтып берүүдөн баш тартты. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мыйзам долбоорунун чоо-жайын тактоо жана Улуттук банктын (УБ) айыптоосуна жооп алуу үчүн барган.

Кабинетине киргенде алгач өзү убактысы жок экенин айтса, кийин жардымчысы эл өкүлү такыр эле интверью бергиси келбей турганын билдирди. Мындан улам журналист кабинетинен чыгышын күтүп, капыл-тапыл маек алууга жетишти.

УБнын кызматтан кеткен төрагасы Толкунбек Абдыгулов сунушталган мыйзам иштеп калса өлкө акча адалдаштыруунун чордонуна айланарын айткан. Бул боюнча депутаттын пикирин сураганда: "Туура эмес сүйлөп жатышат. Дүйшөмбү күнү ушул долбоорду кенен презентация кылабыз. Ошондо келгиле", - деп жооп берди.

Улуттук банктын төрагасынын кызматтан кетер алдында айткан сөзү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Улуттук банктын төрагасынын кызматтан кетер алдында айткан сөзү. Видео
Ал эми "эгер Улуттук банк эл аралык уюмдардын кара тизмесине кирип калса жоопкерчиликти алууга даярсызбы?" деген суроого так жооп бере алган жок. Эксперттер кооптуулук жок дегенин айтып тим болду. Ошол учурда анын жардамчысы журналист Эламан Карымшаковду жулкулдатып артка тартты. Ал "көп суроо берип салдыңар" деп ачууланды.

Финансы технологиясы боюнча мыйзам долбоору кыргызстандыктарга пайда алып келет деген пикирди аны иштеп чыккандар бекем карманып турушат. Бирок Улуттук банктын буга өзүнүн аргументтери бар. Бул материалда аталган теманы кеңири баяндап беребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0