Кыргызстандыктарды кубанткан Генрих. Жүрөк жылыткан видео

176
(жаңыланган 18:14 01.10.2021)
Германиялык Генрих Келлер бир нече жылдан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кол сунуп келет. Ал Европадан жогорудагыдай адамдарга өтө зарыл болгон коляска, балдак, велосипед, машыгуучу жабдык, ажатканаларды алып келип таратат.

Учурда чет өлкөдө жашаган Генрихтин балалыгы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Рот-Фронт айылында өткөн. Кыргызстанга жыл сайын келип, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам бергенди адат кылып алган. Колу ачык инсан шериги менен Европада кыргызстандык майыптар үчүн өтө зарыл оокаттарды чогултат. Андан соң жүк ташуучу автоунааларга жүктөп, жыл бою жөнөтүп турат. Жүк КРге келгенде ар бирин муктаждардын колуна берет. Быйыл эле Келлер 800дөн ашык коляска таратты. Муктаждар республиканын булуң-бурчунан келип, кубануу менен кабыл алат.

Генрих Келлердин айтымында, жардамын алгандар сүйүнүп калышат.

"Германия бир жылда 2 000ден ашык коляска берет. Биз алардын абалын карап, ошол жактан салып жиберебиз да, Кыргызстанга таратабыз. Азыр майыптар үчүн бүт баары кымбат. Мен колдонгон ушул коляска эле 4 000 евродон жогору турат. Жергиликтүүлөр кубануу менен кабыл алып, бардыгы ыраазы. Алардын сүйүнүп жүргөнүн көргөндө мен да кандайдыр бир деңгээлде шыктанып калам. Айрымдарынын колуна жакшы коляска тийгенде жыргашат. Анткени алардын жаңы коляска сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Эгер Кытайдын коляскасын сатып алса, үч айдан кийин эле бузулуп жарабай калат", — деди ал.

67 жаштагы Генрих Келлердин өзү да биринчи топтогу майып. Мындан улам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин көйгөйүн жакшы билет. Ал ушундай кайрымдуулук ишин жети-сегиз жылдан бери токтотпой, коляскаларды мурдагы советтик республикаларга жана Африка өлкөлөрүнө чейин байма-бай жеткирип турат.

176
Белгилер:
Кыргызстан, кайрымдуулук, видео, Генрих Келлер
Тема боюнча
Ооруга карабай Паралимпиадага жолдомо уткан Арстанбектин тагдыры. Видео

Кыжыры келип... Зоопарктагы аюу өзүн тартып жүргөн дронду кармап алган видео

43
(жаңыланган 09:47 26.10.2021)
Якутиядагы "Орто Дойду" зоопаркында жашаган ак аюу аны жакын жерден видеого тартып алууга аракет кылган оператордун квадрокоптерин кармап алды.

Видео "360" телеканалынын YouTube-каналына жүктөлгөн.

Дрон жырткычты айланып, ар кандай ракурстан тартып жаткан. Алгач аюу техниканы кызыгуу менен карап туруп, кийин абдан жакындап келгенге кыжыры келип кеткенин байкоого болот. Бир маалда аны чаап түшүрүп, сүйрөп алып кетет.

Маалыматка караганда, дрондун ээси техникасын кайтарып алды, бирок ага чейин эле дрон бир топ талкаланып калганы айтылат.

43
Белгилер:
Якутия, дрон, зоопарк, видео, оператор, ак аюу
Тема боюнча
Антилопа баласын коргоп, арстандын кардын жарып сала жаздаган видео
Бир нече мүнөттүн ичинде үч ажалдан кутулган антилопанын видеосу

Шайлоо 2021: талапкерлер кайсы телеканалдардан дебатка чыгары белгилүү болду

81
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаттары преференциалдык жана мажоритардык система менен шайланат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы партияларга жана бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерге мамлекеттик телеканалдардан акысыз эфир берүүнүн жол-жобосун бекитти. БШК бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөрүн убадалады.

Маалыматка ылайык, бир мандаттуу округдун талапкерлери облустук телеканалдар аркылуу шайлоочуларга кайрылуу жасап, дебатка чыгышат. Ал эми ЭлТР телеканалында саясий партиялардын жаштардан жана аялдардан турган талапкерлеринин ортосунда дебат уюштурулат. Партия лидерлери үчүн КТРКда өткөрүлөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаттары преференциалдык жана мажоритардык система менен шайланат. Учурда БШКда талапкерлерди каттоо процесси жүрүп жатат. 29-октябрда үгүт иштери башталат.

81
Белгилер:
шайлоо, теледебат, саясый партия, БШК, талапкер, телеканал
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Шаардык кеңеш шайлаган Нарындын мэрин БШК кызматтан алып койду. Себеби
Аткаминер. Архив

Пара менен кармалган Ырайым кылуу комиссиясынын катчысы Апенов иштен алынды