Өлкөдөгү ири суу сактагычтын бири Папан бийиктиктен кандай көрүнөт. Видео

712
Кыргызстандагы ири суу сактагычтардын бири Папандын асмандан көрүнүшүн Sputnik агенттиги тарткан видеодон көрүңүз. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан.

Өкмөттүн алдындагы Суу ресурстары агенттигинин маалыматы боюнча, учурда Папан суу сактагычында 71,1 миллион метр куб суу топтолгон. Секундасына 15,60 куб метр суу кирип, кайра 4 куб метр суу агып чыгып турат. Мекеме бул жакшы көрсөткүч экенин белгиледи, себеби суунун кириши көп болууда.

Папан суу сактагычы 1984-жылы пайдаланууга берилген. Ал сугат иштери жана таза суу алуу үчүн пайдаланылат.

712
Белгилер:
Ош облусу, Кара-Суу району, Папан суу сактагычы, видео
Тема боюнча
Сүрөткө түшкүң келет. Алыскы Чаткалдагы алтын күздүн асмандан тартылган видеосу

Танк менен замбиректен чыккан октун жайлатып көрсөтүлүшү. Видео

13
Slow Mo Gyus аталышындагы YouTube-канал Экинчи дүйнөлүк согуш убагындагы танк жана замбиректер менен ар нерсени аткылап, жогорку ылдамдыктагы камерага тартты.

Американын "Шерман" танкынын жай ок чыгарганы советтик Д-20 гаубицасына салыштырылган. Видеодо снаряддын жылуу толкуну соккудан эмнеге алдыда экени көрсөтүлөт. Адистер техниканын жардамы менен танктын атуу ылдамдыгын кантип эсептеп чыгарын жана снаряд эмне үчүн өзүнүн учуу траекториясынан четтеп кетерин көрсөткөн.

Камералар снаряд замбиректен чыккандан кийин танктын көтөрүлө түшкөнүн тартып алууга жетишкен.

13
Белгилер:
танк, замбирек, ок атуу, видео
Тема боюнча
Алыстан эле жүрөктүн үшүн алып... Этнанын көккө атылып жаткан видеосу
Россия менен Беларустун биргелешкен машыгуусу. Асмандан тартылган видео
Кыргызстандыктар "Танк биатлонунда" Тажикстан аскерлерин утуп алды. Видео

Жанын оозуна тиштеп иштешет. Кара алтын казган кызыл-кыялык "апачилердин" видеосу

337
(жаңыланган 19:07 26.10.2021)
"Апачилер" күн сайын "Кудай өзү сактасын" деп ишин башташат. Өмүрүн тобокелге салып, өзүм билемдик менен көмүр казгандарды жергиликтүүлөр ушинтип атап коюшкан.

Sputnik агенттиги Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын четиндеги кенчилердин жашоосу менен таанышты.

"Бул жер толугу менен ээн калган. Союз маалында шахта болгон, союз таркагандан кийин жабылган. 1995-жылдан бери Кызыл-Кыянын эли ушуну менен оокат кылат. Башка иш жок", — дейт кенчи Шүкүрбек Исаков.

Бир шахтада алты-жети киши иштейт, ар биринин өз милдети бар. Айрымдары жер алдынан көмүрдү казып үстүнө мүшөк менен жиберип турат, калгандары аны трос менен тартып алып, сырттагы коопсуздукту да камсыздап турушат.

  • Рабочие во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочие во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Добыча угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочий во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочие во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочие во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочий во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Рабочий во время добычи угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
  • Добыча угля на заброшенной шахте в городе Кызыл-Кия
    Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу
    © Sputnik / Эмиль Садыров
1 / 9
© Sputnik / Эмиль Садыров
Кызыл-Кыядагы кароосуз калган шахтада көмүр казуу

Биз барган көмүр шахтанын тереңдиги 40 метрдей экен. Бирок андан да тереңдери — 70, 100 метрге чейинкилери бар экенин айтышты. Ал эми ичинин бийиктиги эки метрдей, туурасы узун зал сыяктуу кете берет.

Отуздун тегерегиндеги Орозали Эргешовдун өмүрүнүн жарымы эле көмүр кенинде өткөн. Ал жумушчулар жанын оозуна тиштеп иштээрин белгиледи.

"Трос үзүлүп кетет, ток уруп кетиши мүмкүн. Суу чыгып кетип, сууда калып калышат. Газга көп ууланышпайт, себеби шайман менен шамал айдап турабыз. Акча табам деп ишти жакшы билбей келгендер көп. Анан ылдый түшүп баратып кулап жаракат алышат же көз жумушат. Тажрыйбасы барлар ката кетирбейт. Мен 14 жылдан бери иштейм, кырк метр тереңдиктеги забойдон 25ти каздым", — деди шахтачы Эргешов.

Жумушчулар күнүнө 1 000-1 500 сомдон, кышкысын 2 000 сомго чейин табышат. Кызыл-Кыяда бардыгы эле күнүнө мынча каражат таба бербейт. Бирок жумушчулар кээде иштин оордугунан ага деле кайыл болуп кетет. Эки баланын атасы Бактияр Токтосунов тапканы күнүмдүк тиричиликке эле кетерин айтат.

"Жалпы иштегениме 15 жылдын жүзү болду. Ага чейин ар кайсы жерден акча тапчумун, курулушта иштедим. Тапканыбыз күнүмдүк тамак-ашка кетет. Ашырып мал-жан, машина ала албайсың. Башка эмне кылабыз? Жогорку жактагылар элге жакшы жардам кылып иш таап берсе болот эле. 18-19 жаштагы балдар мигрант болуп жүрөт", — деди Токтосунов.

"Апачилердин" көмүрүн карапайым эл гана алат. Ишканалар менен иштеше алышпайт. Кечинде мүшөк көмүрлөрдү Porter автоунаасы менен ташып, мүшөгүн 200-250 сомдон сатышат.

Мындай шахталардын коопсуздук эрежелеринин сакталышын тиешелүү органдар текшерип, эскертүүлөрдү берип турат. Ошентсе да бийлик көмүрдү мыйзамсыз казгандардын ишине бөгөт коё албай келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай жерлерде адам өмүрүн алган окуялар болгону тууралуу маалыматтарды да берип келет.

337
Белгилер:
Кызыл-Кыя, шахта, көмүр, видео
Тема боюнча
Сузакта шахта урап, ичинде калып калган эки киши көз жумду
Айдоочуга сыноо, жүргүнчүгө азап берген жол. Бишкек — Ош трассасынан репортаж
Кайгуул милициясынын кызматкери. Архив

Кайгуул милициясынын кызматкерлери канча айлык алат? Жооп

0
(жаңыланган 16:53 27.10.2021)
Милициянын кайгуул кызматы пилоттук долбоор катары Бишкек жана Ош шаарында иштеп жатат. Ушул убакка чейин бош вакансиялар бар.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматынын орточо айлык акысы 25 миң сом экенин ЖКККББнын начальнигинин орун басары Манас Сыдыгалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин борборундагы брифингде айтты.
Ошондой эле ал учурда вакансиялар дагы бар экенин кошумчалады.

Заместитель начальника Управления дорожно-патрульной службы и правоприменительной практики ГУОБДД Манас Сыдыгалиев на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан. 27 октярбя 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖКККББнын начальнигинин орун басары Манас Сыдыгалиев
"Пилоттук долбоор катары бул кызмат Бишкек жана Ош шаарында иштеп жатат. Азыр бош вакансиялар бар. Мурда бул кызматка жогорку билими жок жарандарды алып, кийин анын кесепетин көрдүк. Азыр жогорку билим сөзсүз болушу керек деген талап пайда болду. Башында бул кызматты түзүү менен ар бир чакырууга ыкчам жооп болсун деген максат коюлган. Бирок эсептей келгенде бир экипажга 50 чакырымдан аянт тийип калууда", — деди Садыгалиев.

Андан соң орун басар журналисттердин кызаматкерлер канча айлык алат деген суроосуна жооп берди.

"Айлык акы орто эсеп менен 25 миң сом. Менимче бул мектепти гана бүткөн жаш адистерге жакшы маяна. Бирок мындан ары жогорку билим сөзсүз талап кылынат", — деди ал.

Сөзүнүн айгында Садыгалиев жумуш жеңил болбогондуктан, көпчүлүк кызамткерлер бир аз иштеген соң кетип каларын кошумчалады.

0
Белгилер:
Ош, Бишкек, Кайгуул милициясы, айлык, жумуш
Тема боюнча
Милиция блогер Гүлзат Мамытбекти 110 миң доллар алган деп кармады
Үлпөт тойдо мылтыктан ок аткан бала Ысык-Атадан табылды. Видео