Тыныбекова жанданды! UWW Ослодогу кармаштын видеосун жарыялады

Жазылуу
Спортчу Айсулуу Тыныбекова Ослодо япониялык балбан кыз Ноноко Озаки менен тер төгө күрөшүп жатып, күйөрмандарын бир топ толкундатып, тынчсыздандырып, акыркы мүнөттөрдө жеңишке жетти.
Бириккен күрөш уюму (UWW) кыргызстандык жана япониялык балбандардын кармашын жарыялап, видеонун алдына "Айсулуу Тыныбекова жанданды!" деп жазды.
"Айсулуу Тыныбекова жанданды! Дүйнө чемпиону кармаштын акыркы секундаларында тейкдаун кылып, Ослодогу таймашта чейрек финалга чыкты", — деп айтылат.
Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озаки менен кез келип, айыгышкан кармашуудан соң 6:4 эсебинде жеңишке жетти.
Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Күрөштөн кийин талашып-тартышып... Акматалиевдин ирандык балбанды уткан видеосу
Беттештин биринчи бөлүгү Айсулуу үчүн ийгиликсиз болду. Атаандашы эки ирет артына өтүп, төрт упай алууга жетишти. Натыйжада 4:0 эсеби менен япониялык балбан артыкчылык кылды. Бирок экинчи бөлүктө кыргызстандык балбан күчтөнүп, удаа-удаасы менен чабуул жасады. Бирде каршылашынын артына өтүп, бирде тегерек чийинден сүрүп чыгып алты упай алып койду.
Андан соң Тыныбекова Дүйнө чемпионатында беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип утуп алып, жарым финалга чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0