Бразилияда футболчу оюн учурунда калысты тепкилеп салды. Видео

447
Бразилиянын "СК Сан-Паулу" футбол клубунун оюнчусу Вильям Рибейро Риу-Гранди-ду-Сул штатынын чемпионатынын экинчи дивизионунун беттешинде калысты эсин оодара тепти.

Аталган клуб "Гуарани" командасына каршы ойногон. Алгач футболчу калысты жыга койгон, жерге жатып калганда кайра бир тепкенин көрүүгө болот. Рефери өзүн жоготуп, Тез жардам кызматы алып кеткен. Оюн талаасына полиция келип Рибейрону кармап кеткен.

Р-Спорт билдиргендей, калысты тепкен футболчу көп жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн, "СК Сан-Паулу" клубу аны менен келишимди үзгөнү айтылды.

Рибейро эмнеден улам мындай кадамга барганы белгисиз.

447
Белгилер:
Бразилия, футбол, калыс
Тема боюнча
UFC 266: мушкерлердин ар бир соккусун даана көрсөткөн видео
Арбитрди бет талаштыра койгон машыктыруучу. Италияда өткөн футболдун видеосу

Чечинип алып аянтта турушту. Италиялык стюардессалардын нааразы болгон видеосу

393
Банкрот болуп калган Alitalia авиакомпаниясынын борт коштоочулары Рим шаарынын чок ортосунда нааразылык акциясын уюштурушту. Кыз-келиндер үстүндөгү костюмдарын чечип, жалаң ич көйнөкчөн калышкан.

Мындай жол менен алар 75 жылдан бери иштеп келе жаткан авиакомпания жабылгандан кийинки абалын көрсөтүүнү чечишкенин НТВ билдирди. 

Компаниянын кызматкерлеринин көбү, тагыраагы, жети миңге чукулу такыр эле жумушсуз калган. Мурдагы стюардессалар "Биз — "Алиталия" деп кыйкырышты.

Видеодон алардын эрежени сактап, коомдук тартипти бузбай, бирок сырттан караган ар бир адамдын көңүлүн бура тургандай акция уюштургандыгын көрүүгө болот.

393
Белгилер:
Италия, стюардесса, авиакомпания, банкрот, нааразычылык
Тема боюнча
Биринчи тепкенде эле жапты. Стюардессанын таң калтырган видеосу

Диний чөйрөнүн өкүлдөрү жарышка түшүп... Марафондун видеосу

209
Бишкекте өлкөдөгү диний уюмдардын катышуусунда конфессиялар аралык марафон өттү. Спорттук иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурду.

Мекеменин төрагасы Тойгонбай Абдыкаров иш-чара диний уюмдардын ортосунда ынтымакты бекемдөөнү көздөгөнүн билдирди.

"Бул спорттук иш-чарабыз Кыргызстанда дин эркиндигинин алкагында бардык диндердин өкүлдөрүнүн башын бириктирүү, диндер ортосунда араздашуунун алдын алуу, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү максатында уюштурулууда. Ага мамлекеттик комиссияга мүчө болгон бардык диний уюмдардын өкүлдөрү катышты", — деген Абдыкаров.

Марафон Бишкек шаарындагы "Ден соолук" эс алуу паркында өттү. Ага ар кандай диний уюмдардан 150дөй киши катышып, үч чакырым аралыкка чуркашты.

Соңунда катышуучуларга атайын жасалган медалдар тапшырылды.

209
Белгилер:
Бишкек, дин, марафон, чуркоо
Тема боюнча
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча концепция күчүнө кирди. Анда эмнелер бар
Бишкекте диний конфессиялардын өкүлдөрү марафондо чуркап жарышты. Сүрөт
Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин Механизациялоо жана айыл чарбасын энергия менен камсыз кылуу департаментинин директору Нурлан Кожогулов

Кожогулов: 450 техника дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилет

0
Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин Механизациялоо жана айыл чарбасын энергия менен камсыз кылуу департаментинин директору Нурлан Кожогулов фермерлер үчүн айыл чарба көргөзмөсү өтөрүн маалымдады.

Бишкек шаарынын эски аянтында 22-24-октябрь күндөрү фермерлер үчүн "АгроТехЭкспо 2021" көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Нурлан Кожогулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Кожогулов: 450 техника дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилет

Анын айтымында, аталган көргөзмө республикада сегизинчи жолу өткөрүлүүдө.

"Көргөзмөгө жалпы 200дөн ашык чет элдик жана жергиликтүү компания, ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө. Анда дыйкандарга заманбап техникалар, технологиялар, асыл тукум малдын жаңы породалары, жер семирткичтер, вакциналар жана банк кызматтары сунушталат. Мындан тышкары, окутуулар, айыл чарба тармагындагы кызмат көрсөтүүлөр болот. Бул жылы көргөзмөгө асыл тукум малдын породалары боюнча кошумча бөлүм кошулат. Ошондой эле органикалык айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Аны өндүрүү боюнча мастер-класстар уюштурулат. Мындай көргөзмөлөр жакшы натыйжа берет. Анткени дыйкандар оруп-жыюу иштери жыйынтыкталган соң көргөзмөгө катышып тетиктер, техника боюнча маалымат алып тапшырык беришет. Быйыл лизинг берүү боюнча эки жаңы долбоор киргиздик. Февралда 540 миллион сом, октябрдын башында 446 миллион сом бөлүндү. Жылдын этегине чейин лизингге айыл чарба техникаларын берүүнү 900 миллиондон 1 миллиард сомго жеткирүүнү мерчемдеп жатабыз. Жалпы 450 техника дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилет", — деди Кожогулов.

Ошондой эле ал республика боюнча 10 миңден ашык дыйкандын жана 5-6 миң Бишкек шаарынын тургундарынын катышуусу күтүлүп жатканын кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

0
Белгилер:
Нурлан Кожогулов, дыйкан, техника, шарт
Тема боюнча
Фермерлер Чоң Чүй каналынын суусунан канткенде көз каранды болбойт. Шарты