Бир буту жок Бакиров грэпплинг боюнча өлкө чемпиону болду. Видео

2280
(жаңыланган 16:19 06.10.2021)
30 жаштагы бир буттуу Азат Бакиров өлкөдө катардагы адамдар арасында өткөн грэпплинг боюнча мелдеште өлкө чемпиону болду. Ал 71 килограммга чейинки салмакта чыккан.

Финалда Бакиров Абдылдабек Кекеновду жеңген.

"Чемпионатка медаль үчүн катышсам дагы мындай жыйынтыкты күткөн эмесмин. Көрүүчүлөрдүн колдоосу дем берди. Залдын дээрлик баары мага жан үрөдү. Максат коюп, өзүңдүн каалооңо коркпой багыт алсаң, баары аткарылат", — деди Бакиров.

Буга чейин спортчу Бишкектин грэпплинг боюнча чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген. Азыр ал кийинки жылдын жаз мезгилинде БАЭде өтчү жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатына даярданууда. Ал жактан кыргызстандыктар майыптыгы бар жана катардагы спортчулар менен мелдешмекчи.

2280
Белгилер:
Грэпплинг, чемпион, мелдеш, Азат Бакиров
Тема боюнча
Ослодо жылдызы жанган балбан Эрназар Акматалиев тууралуу 6 факт
Өзүм үчүн тарых жаздым! Айсулуу Тыныбекованын мелдештен кийинки видеомаеги

Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу

62
Борбор калаада узаган жума ичинде күн жылуу болду. Аба ырайынын температурасы 19 градуска жетип, шаардыктар кечээ эле жеңил кийинип жүрүшкөн.

Күз келгени бирде ысыса, бирде сууп аба ырайы өзгөрүлмөлүү болууда. Кечээ, 21-октябрда, күн чайыттай ачылып, түркүн түскө боёлгон бак-дарактар шаардын көркүн арттырды.

Бирок жума соңунда аба ырайы сууй түшкөнү менен синоптиктер айдын аягында күн кайра жылый турганын кабарлады.

62
Белгилер:
Бишкек, күз, аба ырайы
Тема боюнча
Гүл жайнаган Бишкекке жааган кар. Шаардын асмандан тартылган видеосу

Күлүн асманга чачкан Асо. Япониядагы ири вулкандын атылып жаткан видеосу

75
(жаңыланган 11:00 22.10.2021)
Япониядагы Кумамото префектурасында Асо вулканы атылып, анын күлү асманды көздөй 3,5 чакырым бийиктикке чейин чачылды.

Аталган аймакты түтүн каптап, көктө тоодой-тоодой уюлгуган чаң пайда болду. Кайнап атылып чыккан вулкан таштары бир чакырымга чейин учуп барып түшкөн. Ал эми видеодон айланадагы элдин шашып, автоунаага, автобустарга түшүп кетип жаткандыгын көрүүгө болот.

Күн Чыгыш өлкөсүнүн бийлиги мындан улам кооптуулуктун беш деңгээлинин ичинен үчүнчү даражаны белгиледи. Ал эми ошол аймакта жашаган жергиликтүү элдин жанар тоого эки чакырымдан жакын барбашы керектигин эскертишти.

75
Белгилер:
Япония, вулкан, чаң, коопсуздук
Тема боюнча
Вулкандын укмуштуудай атылышы: тоодой чок бут алдыңа жылып келе жаткан видео
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү банктардын жетекчилери менен жолугушту

Акылбек Жапаров банк жетекчилери менен көмүскө экономиканы талкуулады

40
(жаңыланган 16:14 22.10.2021)
Жолугушууда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуу жана экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу боюнча сөз болгон.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

  • Бизнес-завтрак руководителей коммерческих банков с кабинетом министров. 22 октября 2021 года
    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Участники бизнес-завтрака руководителей коммерческих банков с кабинетом министров. 22 октября 2021 года
    Жолугушуунун негизги максаты накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу болгон
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Участники бизнес-завтрака руководителей коммерческих банков с кабинетом министров. 22 октября 2021 года
    Жапаров экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындуулук керек экендигине токтолгону айтылат
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту

Жолугушуунун негизги максаты накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу болгон. Жапаров экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындуулук керек экендигине токтолгону айтылат.

"Эң алдыңкы технологиялар ар дайым банктарда болгон. Биз накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатууну стимулдаштыруу иши министрлер кабинетинин карамагында болуусун каалайт элек. Алсак, Казакстанда салыктарды чогултуу банктардын биринин телефондогу тиркемесине жараша жогорулаган. Анда адамдар базардагы азык-түлүктөр үчүн да ал тиркеме аркылуу эсептеше баштады. Банктар жаңы технологияларды киргизүүдө жардам берет деп ишенем. Министрлер кабинетинин алдыга койгон милдеттерине толугу менен жетишүүгө болот", — деген Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы банктардын сунушун эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча чаралар кабыл алынарын убадалаган.

40
Белгилер:
коммерциялык банктар, жетекчи, Акылбек Жапаров, көмүскө, экономика
Тема боюнча
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады