Айсулуу үчүн бул мелдеш оор болду. Нурбек Изабековдун Ослодон курган видеомаеги

1982
Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Ослодо өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде чемпион болду.

Финалдык беттеште Тыныбекова америкалык Кайла Мираклди эч кандай мүмкүнчүлүк бербей жеңди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги КРдин кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен онлайн маек уюштурган.

"Айсулуу үчүн бул мелдеш кыйынга турду. Тажрыйбасы, өжөрлүгү менен гана жеңишке жетти. Тырышчаактыгы менен утат деген ишеничибиз акталды", — деди Изабеков.

Машыктыруучу, мындан сырткары, балбан кыздын мелдешке болгон даярдыгы, жеңиштин даамы жана башка жагдайлар тууралуу кеп кылды.

1982
Белгилер:
Нурбек Изабеков, Айсулуу Тыныбекова, дүйнө чемпионаты, жеңиш
Тема боюнча
Өзүм үчүн тарых жаздым! Айсулуу Тыныбекованын мелдештен кийинки видеомаеги
Финалда күрөшөт. Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы беттештеринин видеосу
Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет дүйнө чемпиону болду

Бишкекте алп жаныбарлар менен заманбап техника көрсөтүлдү. Видео

170
Бишкектин чок ортосунда 200дөй компания айыл чарбага тиешелүү продукцияларды үч күндүк көргөзмөгө алып чыкты. Шаардыктар асыл тукум малдан тарта заманбап техникага чейин көрө алышат.

Өкмөт үйүнүн алдында "АгроТехЭкспо 2021" жана "Алтын күз" аталышындагы эки жарманке өтүп жатат. Көргөзмөгө чыккан ишканалардын арасында кыргызстандык гана эмес, чет элдиктер дагы бар.

Чүй облусундагы жылкы чарбачылыгынын өкүлү Василий Саратовцев жарманкеге алып келген Ледокол аттуу айгыр тууралуу айтып берди. Першерон породасындагы бул жылкынын салмагы 915 килограмм.

"Мен муну алты айлык кезинде Россиядан алып келгем. Биздин шартта тарбиялагым келген. Бир жылдык болгондон тарта үйүргө кошуу үчүн даярдадым. Анткени биздин тоолорго, климатка көнүшү керек эле. Чоңойгондо алып келсең, көнүп кетерине көзүм жетпейт. Бул жылкыны тукум алуу үчүн алып келгем. Азыр кулундары туула электе эле алам дегендер көп. Алдын ала келишимдер түзүлөт. Баасы сүйлөшкөнгө жараша ар кандай болуп калат. Азыр алп жылкылар менен алардын кулундары спорттук аттарга караганда пайдалуу болуп жатат. Айрымдар көк бөрүгө, башкалар тукум алуу үчүн алышат", — деди фермер.

Кургакчылык күч алып жаткандыктан, мындагыларды Италиядан алып келинген сугат машинасы кызыктырды. Сугат техникасы менен алектенген компаниянын өкүлү Чубак Байконовдун айтымында, техниканын баасы 15 миң евро.

"Биринчиден, сууну үнөмдөйт, экинчиден, ар бир өсүмдүк өзүнө керектүү гана өлчөмдө суу алат. Үчүнчүдөн, суу тамырына чейин жетет. Түшүм жакшы болушу үчүн тамырында суу эмес, ным болушу керек", — деди адис.

Көргөзмө 24-октябрга чейин уланмакчы.

170
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, жарманке, техника, асыл тукум, мал, видео, АгроТехЭкспо
Тема боюнча
Кожогулов: 450 техника дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилет
Фермерлер Чоң Чүй каналынын суусунан канткенде көз каранды болбойт. Шарты

Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу

125
Борбор калаада узаган жума ичинде күн жылуу болду. Аба ырайынын температурасы 19 градуска жетип, шаардыктар кечээ эле жеңил кийинип жүрүшкөн.

Күз келгени бирде ысыса, бирде сууп аба ырайы өзгөрүлмөлүү болууда. Кечээ, 21-октябрда, күн чайыттай ачылып, түркүн түскө боёлгон бак-дарактар шаардын көркүн арттырды.

Бирок жума соңунда аба ырайы сууй түшкөнү менен синоптиктер айдын аягында күн кайра жылый турганын кабарлады.

125
Белгилер:
Бишкек, күз, аба ырайы
Тема боюнча
Гүл жайнаган Бишкекке жааган кар. Шаардын асмандан тартылган видеосу
Голос долбоорунун сахнасы. Архив

Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды

0
(жаңыланган 00:18 23.10.2021)
Бишкектик ырчы Адилет Жумабековду дароо үч насаатчы командасына алгысы келди. Ал долбоордогу чыгармасын апасына арнаган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Адилет Жумабеков Россиянын "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү.

Бул шоуда насаатчылар аткаруучуларды артты карап алып угуп, жакса бурулушат. Адилет кесипкөй ырчы эмес экенин, бирок бир нече аспапта ойной турганын айткан.

"Апам төрт баланы жазгыз өстүрдү. Мен музыкалык окуу жайда окучумун, бирок финансылык кыйынчылыктан улам музыкант, ырчы болуп иштеп кеткем. "Голос" долбоору — менин көптөн берки кыялым", — деген Жумабеков.

30 жаштагы бишкектик ырчы долбоордо Boyz II Men — End of the road ырын аткарды. Ал ырдап жатканда Александр Градский, Леонид Агутин менен Дима Билан бурулуп караган. Залда отургандар да ага кол чаап, "Баракелде!" деген. 

Пелагея кыргызстандык ырчынын аткаруусуна таң берген, Агутин стилин жана тембрин баалаган, Билан дагы аны өз командасынан көргүсү келип жатканын билдирген. Натыйжада Жумабеков Биланды тандаган.

0
Белгилер:
Россия, 'Голос' долбоору, ырчы
Тема боюнча
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт