"Не болду, иним?" Креслого жашынып, 4 киши үчүн добуш берген депутаттардын видеосу

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары аткаруу бийлигине тиешелүү маанилүү мыйзамдарды кабыл алышты. Бирок залда 50гө чукул гана депутат отурган. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы депутаттар кантип добуш бергенин тарткан.
Кээ бир парламентарийлер регламентке каршы иш жасап жатканын этибарга деле алган жок. Шайлообек Атазов алдыңкы катардан арткы тарапка келип Сайдулла Нышановдун ордуна добуш берди. Бирок улам чуркап жетишпей жатканынан анын ноутбугун өчүрүүгө аргасыз болду.
Ал эми Тазабек Икрамов төрт "чычканды" алдына коюп алып добуш берди. Ушундай эле ыкманы Султанбек Анарбаев дагы колдонду. Камера тартып жатканын байкап, бош креслолорду жанына тартып жашынууга аракет кылды.
Жардамчысы журналистти жулкулдатып, өзү жалтактап. Ибраевдин маеги видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жардамчысы журналистти жулкулдатып, өзү жалтактап. Ибраевдин маеги видеодо
Министрлер кабинети жөнүндө сунушталган мыйзамга ылайык, министрлерге талап күчөтүлөт. Кызматка бара жаткан адамдын мамлекеттик иштерде 10 жылдык тажрыйбасы, анын ичинде беш жылы жетекчилик орунда болушу керек. Болгон мал-мүлкүн көрсөтөт, кызматка келгенден кийин ишкердиктин бардык түрү менен алектене албайт. Министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттик администрацияны башкарып, өкмөттүн аппараты жоюлат.
Жергиликтүү бийлик органдары тууралуу мыйзамда акимдердин укуругу узарууда. Алар айыл башчыларды, райондук маанидеги шаарлардын мэрин дайындайт. Облустук жана республикалык маанидеги мэрлерди президент кызматка коёт. Мэр, аким, айыл өкмөт башчысы өзүнүн туулган жеринде иштей албайт. Муну менен жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлоо укугунан ажыратылмакчы. Ошол эле учурда райондун өзүнчө бюджети түзүлүп, райондук кеңеш куралат.
Жаңылыктар түрмөгү
0