Жок калыптыр, кымбат сатылууда! Көмүр ала албай карайлаган элдин видеосу

1284
(жаңыланган 20:51 07.10.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги көмүр саткан базаларга барып, кара алтындын канчадан сатылып жатканын сураштырды.

Базаларда мурдагыдай автоунаалардын кезегин деле көрө алган жокпуз. Бирок көмүр ала албай жүргөн бир нече адамды кездештирдик. Алардын айтымында, базалардын дээрлик бардыгында Кара-Кече көмүрү жок. Барлары кара алтындын баасын учурдан пайдаланып кымбат сатууда.

"Мына бул эленген көмүрдүн тоннасын 5 500 сомдон сатып жатышат. Калганы 4 500 сом дешти. Бирок ошол да жок болуп жатпайбы", — деди көмүр алганы келген аялдардын бири.

Мурманская көчөсүндө отун базалары катары менен жайгашкан. Алардын басымдуу бөлүгүндө көмүр жок калганы айтылса, бири  "көмүр жок" деп тартуу тобун киргизбей койду. Бирок ал жактан көмүр жүктөгөн автоунаалар тынбай чыгып жатканын видеодон көрүүгө болот.

Көмүр базасында иштеген сатуучулардын биринин айтымында, күнүнө бир базага эки, ашып кетсе үч автоунаа гана көмүр түшүп жатат. Ал дагы бир сааттын ичинде сатылып кетип жатканы маалым болду.

"Көмүр бир сааттын ичинде эле сатылып кетти. Азыр жок. Биз Кара-Кеченин көмүрүнүн бир тоннасын 4 500 сомдон сатып жатабыз", — деди сатуучу.

Кезекте тургандар жана сатуучулар Кара-Кечеден көмүр аз келип жатканын айтып, былтыр мындай көрүнүш байкалбаганын белгилешти. "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов көмүрдүн кеч келишин жана азырынча аз болуп жатканын аба ырайы менен байланыштырды.

"Кара-Кечеде быйыл жаан көп жаап, ошондон улам көмүр казуу иштери солгундаптыр. Бүгүнкү күндө ал жакта 200 автоунаага көмүр жүктөлүп жатат. Андан чыккан кара алтын Бишкекке эле эмес, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарына да кетет. Былтыр күнүнө 500 автоунаа келип жүктөп кетчү экен. Быйыл суткасына 200-250 автоунаа эле келип жатат. Ушундан улам да аз болууда", — деди Жакыпов.

Ал күн сууктаганда жылда эле көмүр алууга кезекке көп адам турарын, ага байланыштуу баа да өсүп кетерин айтып, 15-20 күндүн аралыгында арзандайт деп боолголоду. Ошондой эле ал кара алтындын баасын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көзөмөлдөй турганын белгиледи.

1284
Белгилер:
Бишкек, көмүр, баа, видео, шаар
Тема боюнча
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
Бишкек: мэриянын жеңилдик каралгандарга көмүрдүн ордуна берген акчасы аз болууда

Чечинип алып аянтта турушту. Италиялык стюардессалардын нааразы болгон видеосу

362
Банкрот болуп калган Alitalia авиакомпаниясынын борт коштоочулары Рим шаарынын чок ортосунда нааразылык акциясын уюштурушту. Кыз-келиндер үстүндөгү костюмдарын чечип, жалаң ич көйнөкчөн калышкан.

Мындай жол менен алар 75 жылдан бери иштеп келе жаткан авиакомпания жабылгандан кийинки абалын көрсөтүүнү чечишкенин НТВ билдирди. 

Компаниянын кызматкерлеринин көбү, тагыраагы, жети миңге чукулу такыр эле жумушсуз калган. Мурдагы стюардессалар "Биз — "Алиталия" деп кыйкырышты.

Видеодон алардын эрежени сактап, коомдук тартипти бузбай, бирок сырттан караган ар бир адамдын көңүлүн бура тургандай акция уюштургандыгын көрүүгө болот.

362
Белгилер:
Италия, стюардесса, авиакомпания, банкрот, нааразычылык
Тема боюнча
Биринчи тепкенде эле жапты. Стюардессанын таң калтырган видеосу

Диний чөйрөнүн өкүлдөрү жарышка түшүп... Марафондун видеосу

189
Бишкекте өлкөдөгү диний уюмдардын катышуусунда конфессиялар аралык марафон өттү. Спорттук иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурду.

Мекеменин төрагасы Тойгонбай Абдыкаров иш-чара диний уюмдардын ортосунда ынтымакты бекемдөөнү көздөгөнүн билдирди.

"Бул спорттук иш-чарабыз Кыргызстанда дин эркиндигинин алкагында бардык диндердин өкүлдөрүнүн башын бириктирүү, диндер ортосунда араздашуунун алдын алуу, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү максатында уюштурулууда. Ага мамлекеттик комиссияга мүчө болгон бардык диний уюмдардын өкүлдөрү катышты", — деген Абдыкаров.

Марафон Бишкек шаарындагы "Ден соолук" эс алуу паркында өттү. Ага ар кандай диний уюмдардан 150дөй киши катышып, үч чакырым аралыкка чуркашты.

Соңунда катышуучуларга атайын жасалган медалдар тапшырылды.

189
Белгилер:
Бишкек, дин, марафон, чуркоо
Тема боюнча
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча концепция күчүнө кирди. Анда эмнелер бар
Бишкекте диний конфессиялардын өкүлдөрү марафондо чуркап жарышты. Сүрөт
Кыргызстандык гимнаст Айша Изабекова

Гимнаст Айша Изабекова Япониядагы дүйнө чемпионатына катышат

0
Учурда Айша Москвадагы Ирина Винер-Усманованын гимнастика борборунда даярдык көрүүдө. Мелдеш 27-30-октябрь күндөрү Китакюсю шаарында өтөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандык гимнаст Айша Изабекова Японияда өтө турчу дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу КРдин Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова билдирди.

Мелдеш 27-30-октябрь күндөрү Китакюсю шаарында өтөт.

Федерациянын башчысы дүйнө чемпионатынын жаңы эрежеси боюнча бир өлкөдөн бирден гана спортчу катыша аларын белгиледи.

Учурда Айша Москвадагы Ирина Винер-Усманованын гимнастика борборунда даярдык көрүүдө. Японияга спортчуну машыктыруучусу Аделина Шаяхметова жана калыс Злата Тулубаева коштоп барат.

Айша Изабекова 18 жашта. Көркөм гимнастика боюнча спорт чебери, Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, Азия кубогунан күмүш жан коло медалдарды алган. Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышкан.

Айша — ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков менен Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарованын кызы.

0
Белгилер:
Япония, Чынарбек Изабеков, гимнастика, мелдеш, Айша Изабекова
Тема боюнча
U23: дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эки балбан кыз барат