Заманбап роботтор: учат, скейтборд тебет. Кызыктуу видео

89
(жаңыланган 15:07 09.10.2021)
Эки буттуу бул темир "кишилер" ландшафт аралап, керек болсо секирип, чуркап, ал тургай тепкичтен чыга алат.

Учуучу роботтор бир орундан экинчи жерге оңой эле жетет, дагы бир жакшы жагы, энергияны көп коротпойт. Анткен менен көп жүк көтөрө албайт.

Калифорниядагы технология институтунун изилдөөчүлөрү эки буттуу Leonardo аттуу роботту түздү, ал учуп жүрүүгө да жөндөмдүү экенин "National Geographic Россия" жазды.

Бою 70 см. Бул дүйнөдөгү көп муундуу адам сымал техника. Леонун буту жеңил болгондуктан денесинин бул бөлүгү анын баскан-турганына тоскоолдук кылбайт, шайма-шай жүрүүгө шарт түзөт. Кыймылдаткычтар муундарын бирдей иштеткендиктен тең салмагын жакшы сактайт. Мындай артыкчылык Леонардого керек болсо тартылып турган аркан менен басууга, жүгүрүүгө, секирүүгө, ал тургай скейтборд тебүүгө мүмкүнчүлүк берет.

89
Белгилер:
АКШ, Калифорния, робот, кыймылдаткыч
Тема боюнча
Робот "тууганына" байкоо салып, таңгала караган пилдин видеосу

Өзбекстанда алыстан башкарылчу ири калибрлүү пулемёт жасалды. Видео

129
Жаңы жасалган аскердик модулга заманбап электрондук-оптикалык жабдуулар коюлду. Келечекте бул техниканы сооттолгон автоунааларга жана башка аскердик машиналарга орнотуу пландалып жатат.

Өзбекстанда алыстан туруп башкарылчу ири калибрлүү пулемёт иштелип чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Коргонуу өнөр жайы боюнча комитети кабарлады.

Техникадан сыноо иретинде ок чыгарылып жаткан учурдун видеосу YouTube тармагына жүктөлгөн.

"Адистер конструкциялык жана техникалык документтерди даярдашты. Аскердик модуль заманбап электрондук-оптикалык жабдуулар менен камсыздалды", — деп айтылат кабарда.

Келечекте бул техниканы сооттолгон автоунааларга жана башка аскердик машиналарга орнотуу пландалып жатат.

 

129
Белгилер:
Өзбекстан, курал, Аскер, техника
Тема боюнча
"Кант" авиабазасына "аскердик интернет" коюлат. РФ министрлигинин чечими

Жапаров бюджетти 400 млрд. сомго чыгаруу үчүн каяктан акча табарын айтты. Видео

463
(жаңыланган 14:39 28.10.2021)
Кечээ парламент 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун биринчи окуудан колдоду. Талкуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти толтуруу боюнча дымактуу планын айтып берди.

Финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасап, кийинки жылы консолидацияланган бюджет 400,7 миллиард сомго жетерин билдирди. Бул бардык бюджетти кошуп эсептөөдөн чыккан сумма. Ал эми чыгашасы 399,7 миллиард сомду түзүп, профицит 1 миллиард сом болору пландалган.

Консолидацияланган бюджетке төмөнкүлөр кирет:

  • Мамлекеттик бюджет (республикалык жана жергиликтүү) — киреше 302,7 млрд., чыгаша 310,8 млрд., дефицит 8,1 млрд.;
  • Республикалык бюджет — киреше 279,6 млрд., чыгаша 288,7 млрд., дефицит 9,1 млрд.;
  • Социалдык фонд — киреше 38,4 млрд., чыгаша 40,3 млрд., дефицит 1,9 млрд.;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду — киреше 1,9 млрд., чыгашасы да ушул суммага барабар;
  • Активдер жана милдеттемелер — киреше 54,5 млрд., чыгаша 46,6 млрд., профицит 7,9 млрд.

Жыйында депутат Таабалды Тиллаев мындай дымактуу планды колдой турганын айтып, бирок анчалык көп сумманы каяктан табарына кызыгып сурады.

Буга жооп берген министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров негизги киреше булагын салык менен бажы тармагынан күтүп жатканын билдирди. Аны менен катар бийликтин саясий эркине ишенип турганын айтты.

"Бажы кызматына 50 миллиард сомдон ашык, Салык кызматына да 50 миллиарддан ашык кошулат. Атайын каражаттар жана салыктык эмес кирешелер менен жалпы жонунан 2 миллиард долларга жакын (болжол менен 170 миллиард сом) кошумча акча табабыз деп жатабыз. Ушунун баары жаңы Салык кодекси менен иреттелет. Бизде саясий эрк бар, мен ошого ишенем. Быйыл 6-7 тоннанын тегерегинде алтын ала турган болсок, эмдиги жылы 15тен 18 тоннага чейин алабыз. Анын таза кирешеси 300дөн 400 миллион долларга чейин барат. Ошентип кен казуучулардан дагы чоң киреше тапканы турабыз", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал мурда бажыдан бирөөлөрдүн чөнтөгүнө жыл сайын 1 миллиард долларга чукул акча кетип жатканын кыйытты.

"1 миллиард кетчү беле так билбейм. Бирок эмдиги жылы 50 миллиард сом кошулса, демек, ошончо акча бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жүргөн да. Биз ушунун баарын жокко чыгаруу тапшырмасын алдык. Мен ошондой милдет менен премьер-министр болуп келдим. Эгер салыкчыларды айтсак, ар бир сектор, экономика, дүкөн жегичтердин аянтчасы болуп калган. Акча бюджетке түшпөй эле калкалагандарга берилип кетчү. Ошондой жаман көрүнүштү жокко чыгаруудабыз", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Парламенттин шаршемби күнкү жыйынында 2021-жылдын такталган бюджетин бекитүү долбоору да каралып, биринчи окуудан өттү.

Жыл башында Республикалык бюджет 172,9 миллиард сом болуп бекитилген. Ал сумма 188,2 миллиард сомго көтөрүлүп, 15,3 миллиардга өсүп жатат. Ал эми чыгаша 181,3 миллиард сом деп белгиленсе, азыр 207,400 миллиард сомго чыгууда. Демек, жыл башындагы 8,4 миллиард сомдук дефицит 19 миллиард сомго чейин өсөт.

"Чыгашалардын өсүшү социалдык милдеттемелерди каржылоого жана капиталдык салымдарга байланыштуу. Ошондой эле медицина жана маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатууга, COVID-19 боюнча компенсация төлөөгө, вакцинацияга, гемодиализге, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, энергетикага, Мамлекеттик ипотекалык компанияга керектелет", — деди финансы министри Алмаз Бакетаев.

Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү саясаты так аныкталып бүткөнүн белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда 200 миң бай үй-бүлө бар. Бир миллионго жакын орто катмар, 200 миң үй-бүлө кедей жашайт. Мындан кийин өкмөт колунда жок тургундарга айыл өкмөт аркылуу эмес, түз жардам берет.

463
Белгилер:
Акылбек Жапаров, бюджет, акча, Мамлекеттик салык кызматы, РФ Бажы кызматы
Тема боюнча
Жапаров: жаңы схема беш айда 746 млрд. сом көмүскөгө кетип жатканын аныктады

Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Октябрдагы баалар

0
Октябрда Бишкектеги "элиткалардын" ижара акысы кымбаттады. Башкаларга салыштырмалуу жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлер арзандаган.
Бишкектеги батирлердин октрябрь айына карата ижара акысы  2021

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 641 жарнама каралды. Октябрда деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бардык типтеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы кайрадан жогорулады. Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирге мурдагыга караганда 1 100 сом көп төлөөгө туура келет. Үч бөлмөлүү "элиткалар" болсо 2 900 сомго кымбаттады. 105-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы орто эсеп менен алганда 2 300 сомго өстү.

Жеке типтеги эки бөлмөлүү үйлөр 1 800дөй сомго арзандады. Ушул эле категориядагы үч бөлмөлүүлөр 2000 сомго төмөндөдү.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо ижара баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына таянсак, октябрь айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 15 800 сом (13 000ден 22 000ге чейин);
  • 105-серия — 15 900 (11 000ден 25 000ге чейин);
  • 106-серия — 16 200 (14 000ден 20 000ге чейин);
  • жеке типтегилер — 17 600 (7 000ден 29 700гө чейин);
  • "элитка" — 27 800 (17 000ден 42 400гө чейин);
  • жеке типтегилер — 7 400 (6 000ден 11 000ге чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 20 200 сом (15 000ден 26 000ге чейин);
  • 105-серия — 20 100 (13 000ден 29 700гө чейин);
  • 106-серия — 22 200 (15 000ден 29 700гө чейин);
  • жеке типтегилер — 23 600 (15 000ден 35 000ге чейин);
  • "элитка" — 45 100 (25 000ден 84 800гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 24 700 сом (18 000ден 29 700гө чейин);
  • 105-серия — 29 300 (20 000ден 42 400гө чейин);
  • 106-серия — 28 900 (20 000ден 40 000ге чейин);
  • жеке типтегилер — 28 200 (20 000ден 42 400гө чейин);
  • "элитка" — 68 400 (33 900дөн 127 200гө чейин).

0
Белгилер:
Бишкек, батир, ижара, эмерек
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин сентябрдагы ижара акысы