Дача-СУда жакындарын жоготкон Байнур визажист Гоардын шоусуна катышуда. Видео

519
(жаңыланган 12:29 10.10.2021)
Кыргызстандык 20 жаштагы визажист Байнур Куштарбеков дүйнөгө белгилүү визажист Гоар Аветисяндын шоусуна катышууда. Ал бул сынакка он миңдеген кишинин ичинен тандалып алынды.

"Визажисттердин таймашы" аталышындагы шоунун алгачкы тапшырмалары Аветисяндын YouTube каналына жүктөлдү. Сынак Москвада өтүүдө.

Алгач катышуучуларга уюштуруучулар өздөрү тандаган кече көйнөктөрдү кийгизип, ага жараша боенууга 15 мүнөт убакыт берет. Бул баскычта он миңдеген кишинин арасынан тандалып алынган 12 катышуучунун төртөө четтетилген. Гоар Байнурдун кыска убакытта жетишерлик сулуулана алганын айтып, кийинки турга өткөрөт.

Андан кийин визажисттерди аскер техникасы орнотулган талаага алып барып, моделдерге ошого ылайыктуу макияж жасоого тапшырма берилди. Жыйынтыгында ишти баалаган калыстар тобу Байнурга моделине боектон тышкары топурак же кандайдыр бир аскердик элементтерди колдонсо болмоктугун айтышкан. Ал ортодо Аветисян Куштарбековдун башынан катуу сыноо өткөнүн айтып, ошол мезгилди эскерүүсүн өтүнгөн.

"Мен Дача-СУга туугандарымдыкына баргам. Эртеси күнү учак кулап, карындашымды, инилеримди жоготтум. Кыймылдай албай бир ай ооруканада жаттым. Ажалдан калгандан кийин жашоого башкача көз карашта болуп калдым. Кырсыкка чейин визажист болушума үйдөгүлөр каршы эле. Азыр көздөгөн максатка тоскоолдуктарга карабай жетсе болорун билдим", — деген Байнур.

Гоар ага ийгиликтерди каалап, "Визажисттердин таймашы" шоусунун кийинки баскычына өткөргөн. Бул турда 8 катышуучунун экөө үйүнө жиберилген.

Гоар Аветисян сынактын катышуучуларын беш күндүк марафон аркылуу тандап келет. Маселен, өзү бир образда боенуп сүрөтүн баракчасына жүктөйт, талапкерлер ага окшоп боенуп көп кишини тартышы керек. Ким көп жактыруу белгисин жана комментарийлерди топтосо, ошондой эле Гоар аны жактырса сынакка катышат. Бул ирет марафонго дүйнө жүзүнөн он миңдеген киши катышканы айтылат.

Натыйжада Байнур баш болгон 12 киши тандалып алынган. Күн сайын алар оор тапшырмаларды аткарып отуруп акырында бир адам калат. Жеңүүчү мыкты визажист наамын жана 1 миллион рубль алат, эң негизгиси, Гоардын жетекчилиги астында өз шаарында бьюти-мектеп ачат.

Байнур Куштарбеков 2018-жылы Дача-СУ айылына кулаган учак кырсыгында эки инисин жана карындашын жоготкон. Анын эскерүүсүн кененирээк Sputnik даярдаган лонгридден окууга болот.

519
Белгилер:
Москва, Дача СУ, визажист, шоу, Байнур Куштарбеков
Тема боюнча
Кыргызстандык стендап-куудул ТНТ каналынын “Ачык микрофон” шоусуна кабыл алынды
Кыргызстандык келиндин торту россиялык айтылуу кондитерди таң калтырды. Видео

Чечинип алып аянтта турушту. Италиялык стюардессалардын нааразы болгон видеосу

273
Банкрот болуп калган Alitalia авиакомпаниясынын борт коштоочулары Рим шаарынын чок ортосунда нааразылык акциясын уюштурушту. Кыз-келиндер үстүндөгү костюмдарын чечип, жалаң ич көйнөкчөн калышкан.

Мындай жол менен алар 75 жылдан бери иштеп келе жаткан авиакомпания жабылгандан кийинки абалын көрсөтүүнү чечишкенин НТВ билдирди. 

Компаниянын кызматкерлеринин көбү, тагыраагы, жети миңге чукулу такыр эле жумушсуз калган. Мурдагы стюардессалар "Биз — "Алиталия" деп кыйкырышты.

Видеодон алардын эрежени сактап, коомдук тартипти бузбай, бирок сырттан караган ар бир адамдын көңүлүн бура тургандай акция уюштургандыгын көрүүгө болот.

273
Белгилер:
Италия, стюардесса, авиакомпания, банкрот, нааразычылык
Тема боюнча
Биринчи тепкенде эле жапты. Стюардессанын таң калтырган видеосу

Диний чөйрөнүн өкүлдөрү жарышка түшүп... Марафондун видеосу

94
Бишкекте өлкөдөгү диний уюмдардын катышуусунда конфессиялар аралык марафон өттү. Спорттук иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурду.

Мекеменин төрагасы Тойгонбай Абдыкаров иш-чара диний уюмдардын ортосунда ынтымакты бекемдөөнү көздөгөнүн билдирди.

"Бул спорттук иш-чарабыз Кыргызстанда дин эркиндигинин алкагында бардык диндердин өкүлдөрүнүн башын бириктирүү, диндер ортосунда араздашуунун алдын алуу, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү максатында уюштурулууда. Ага мамлекеттик комиссияга мүчө болгон бардык диний уюмдардын өкүлдөрү катышты", — деген Абдыкаров.

Марафон Бишкек шаарындагы "Ден соолук" эс алуу паркында өттү. Ага ар кандай диний уюмдардан 150дөй киши катышып, үч чакырым аралыкка чуркашты.

Соңунда катышуучуларга атайын жасалган медалдар тапшырылды.

94
Белгилер:
Бишкек, дин, марафон, чуркоо
Тема боюнча
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча концепция күчүнө кирди. Анда эмнелер бар
Бишкекте диний конфессиялардын өкүлдөрү марафондо чуркап жарышты. Сүрөт
Аял кол чатыр менен кар жаган учурда. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

0
22-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаап, жолдорго муз тоңот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +1…+6, Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Нарын өрөөнүндө 0…+5 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +2…+4, Ош шаарында +6…+8 градусту көрсөтөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Ноябрь айында аба ырайы кандай болот. Синоптиктердин божомолу