Эркектерден кыздар өтүп... Соңку UFC турнири видеодо

457
10-октябрга караган түнү Лас-Вегаста UFC Fight Night 194 турнири өттү. Кеченин башкы беттешинде америкалык Маккензи Дерн менен бразиялык Марина Родригес кез келди.

Кармаш толук беш раундга созулуп, Родригестин жеңиши менен аяктады. Кыздар акыркы күчү калганга чейин кармашып, сокку узаткандан сырткары партерде иштешкен.

Ошондой эле турнирдин алкагында казакстандык кыз колумбиялык каршылашы Сабина Масону муунтуу ыкмасы менен жеңген.

Мындан сырткары, кеченин дагы бир башкы беттешинде АКШлык спортчу Рэнди Браун мекендеши Жаред Гуденди калыстардын чечими менен уткан.

457
Белгилер:
Лас-Вегас, UFC, турнир, беттешүү, видео
Тема боюнча
ACA: Алтынбек Мамашов мыкты беттеши үчүн 50 миң доллар бонус алды
Мушкер Мамашов UFC уюмунун экс-мушкерин жыга чаап утуп алды. Видео
UFC: казакстандык кыз атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. Видео

SputnikPro долбоору: дүйнө жүзүндөгү журналисттерге мастер-класс өткөрүлдү

22
(жаңыланган 15:43 17.10.2021)
Москвада Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун долбоору — SputnikPro модулу бир нече өлкөнүн журналисттерине өткөрүлдү.

Анда Sputnik, @rt_russian, Ruptly жана башка ЖМКлардын алдыңкы журналисттери кесиптештерине тажрыйбалары менен бөлүштү.

Уюштуруучулардын айтымында, ТИМ тарабынан уюштурулган чет өлкөдөгү мекендештердин конгрессинин дээрлик ар бир катышуучусу өз өлкөсүндө ири аудитория менен ЖМК же жеке блогу аркылуу баарлашат. Спикерлер ушул багытта мындан да жакшы жана заманбап иш алып барууну айтып берди.

Алар сайтка жана социалдык тармакка жүктөлгөн маалыматтар, аны берүүнүн жолу, сүрөт жана видео тартуу жана алуунун ыкмасы тууралуу топтогон тажрыйбалары менен бөлүштү. Популярдуу болуп жаткан TikTok жана Instagram менен иштөөнү да үйрөтүшкөн.

22
Белгилер:
Sputnik, SputnikPro, долбоор, ЖМК, тажрыйба, иш-чара, журналист
Тема боюнча
Россиялык эксперт журналисттерге көздөгөнүнө жеткире турган 5 кеңеш айтты

Россиялык киноэкипаж космостон Жерге аман-эсен кайтып келди. Кызыктуу видео

116
(жаңыланган 12:20 17.10.2021)
Россиялык киночулар космосто "Чакырык" картинасынын эпизоддорун тартып, бүгүн космостон Жерге, тагыраагы, Казакстандын Жезказган аймагындагы талаага келип түштү. Алар космонавт Олег Новицкийдин коштоосунда конушту.

Актриса Юлия Пересильд жана режиссер Клим Шипенко космонавт Олег Новицкийдин коштоосунда Эл аралык космос станциясынан фильм тартып, Жерге кайтып келди. Бул тарыхый окуяны RT түз эфир менен берди.

Алар Жерге эки жумадан кийин келип түштү.

Жерди көздөй аттанганда алгач Пересильд, Шипенко жана Новицкий МКСте калган россиялык Петр Дубровый, Антон Шкаплеров жана америкалыктар: Марк Ванде Хай, Шейн Кимбро жана Кэтрин Меган МакАртур, япониялык Акихико Хосид жана француз Том Песке менен коштошуп, кемеге өтүп, люктарды тыкыр жабышты.

Люктардын герметикалык жактан ишенимдүүлүгүн текшерген соң "Сокол-КВ-2" авариялык-куткаруучу скафандрларды кийип, экипаж МКСтен саат таңкы 4:14тө (Москва убактысы) бөлүнүп чыкты. Ал эми саат 6:42де кыймылдаткычты иштетип, орбитадан акырындык менен чыга баштады. Мындан соң "Союз" өзүнчө бөлүктөргө ажырап, анын кое берүүчү аппараты акырындык менен атмосферанын тыгыз катмарына кирди. Көп өтпөй негизги паршют ачылып, саат 7:35те экипаж "Ю.А. Гагарин" аппараты менен Казакстандын Жезказган шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 148 чакырым аралыктагы талаага аман-эсен келип конду.

Жерге келип түшкөндөн кийин издөө тобу капсуланы аярлап алып, андан соң экипаждын үч мүчөсүн сыртка чыгарышты. Эми аларды атайын каттам менен Подмосковьеге алып кетип, ал жактан медициналык кароодон өткөрөт. Ал эми шейшемби күнү, 19-октябрда, киноэкипаж маалымат жыйын өткөрөт.

Роскосмостун маалыматына караганда, космостон келгендердин абалы жакшы.

Алар Twitter баракчасына алгачкы маалыматты: "Союз МС-18" кемесинин келип түшкөн аппараты тикесинен турат, кайтарууга алынган. Экипаждын абалы жакшы!" — деп жар салган. 

​Эске салсак, Байкоңур станциясынан тарыхта биринчи ирет "Союз МС-19" кемеси менен киноэкипаж космоско сапар алды. Россиялык киночулар голливуддук кесиптештеринен алдыга озуп, космоско алгачкылардан болуп аттанып, Жерге ийгиликтүү кайтып келишти. "Чакырык" кинокартинасынын башкы ролундагы Юлия Пересильд бул жаатта алгачкы карлыгачтардан болуп калды.

"Чакырык" — бул илимий-агартуучулук долбоор. Азырынча фильмдин сюжетинин чоо-жайы жашыруун сыр. Болгону учушка бир ай камынып, эл аралык космостук станцияга аттана турган врач кыз тууралуу драмалык тасма экени гана белгилүү. Космосто ал экипаждын бир мүчөсүнүн өмүрүн сактап калат.

Клим Шипенко космоско учуп, фильм тартып келген биринчи режиссёр болмокчу. Бул тема ага жаңылык эмес. 2017-жылы ал орбиталык станция туурасындагы "Салют-7" картинасын чыгарган. "Золотой орёл" сыйлыгынын эки жолку лауреаты, Россия жана КМШ аймагындагы эң кирешелүү "Кул" ("Холоп") (үч миллиард рублден ашуун пайда тапкан) тасмасын тарткан.

Команданы тандоо катаал эле болгон. Аялдын башкы ролу үчүн ачык сынак жарыяланып, финалга чыккан 20 актриса врачтык-эксперттик комиссия тарабынан (медициналык жана психологиялык талаптар, күч даярдыгы, кесипке жарамдуулук шайкештиги) текшерилген. Учуш комиссиясынан Пересильд жана анын дублёру Алена Мордовина, ал эми режиссёр Шипенко жана оператор Алексей Дудин бир нече айга созулган ыкчам даярдык курсунан ийгиликтүү өтүштү.

Реабилитациядан киноэкипаж Жылдыз калаасында өтмөкчү. Эки апталык учуштан кийин бул сөзсүз керек. Дасыккан космонавттардын айтымында, кыска мөөнөттүү учуштардан соң организм адатта орточо жети күндө калыбына келет. Ошондон соң гана баарын үйлөрүнө жиберишет.

116
Белгилер:
Россия, космос, союз, кеме, чакырык
Тема боюнча
Жалындап чачырап кетти. Америкалык ракетанын абадан жарылган видеосу
Лампочка. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин 21 көчөсүндө электр энергиясы болбойт. Тизме

15
Адистер пландалган оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөрүн, электр кубаты кыска мөөнөткө өчөрүн кабарлашты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү, 18-октябрда, Бишкектин бир катар райондорунда электр энергиясы өчүрүлөрү күтүлүп жатат. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Бригадалар эл жашаган үйлөрдөгү тийиштүү тармактарды техникалык кароодон өткөрүп, зарылдыгы болгон жерлерде трансформаторлорду алмаштырары айтылды.

Төмөнкү сааттарда жана төмөнкү аймактарда электр кубаты өчүрүлөт:

  • 8:00 - 17:00 — Проскуряков көчөсүнүн тилкесинде;
  • 9:00 - 17:00 — Токтоналиев көчөсүндөгү № 54 үйдө;
  • 9:00 - 18:00 — Дэн Сяопин проспектинин, Месарош, 9-январь, Орозов, Жамгырчинов, Кайназарова көчөлөрүнүн, Гатчинск кууш көчөсүнүн тилкелеринде, Арча-Бешик ( Чатыр-Көл көч.), Ак-Босого ( Чүй 16-21, 31-34, 39-41, Түлөбердев көч.) конуштарында;
  • 9:30 - 12:00 — Ала-Тоо, Жукеев-Пудовкин, Медеров, Карасаев көчөлөрүнүн, Гвардия, Кокан, Вишнев  кууш көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 9:30 - 16:00 — 5-кичи райондо (№ 59-61, 63 үйлөр);
  • 9:30 - 17:00 — 3-кичи райондо (№ 25 үйдө);
  • 9:30 - 19:00 — Элебесов көчөсүнүн, Дорожный чолок көчөсүнүн тилкелеринде жана Кайыңды конушунда;
  • 14:00 -17:00 — "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында.
15
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, электр кубаты, өчүрүү
Тема боюнча
Жаан жаабайбы? Бир жумага карата аба ырайы