Мөңгүлөрдү талкалагандарга каршы туруш керек. Жапаровдун видео кайрылуусу

Жазылуу
Мамлекет башчы Кыргызстан БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын максаттарын жактай турганын айтып, өлкө эл аралык аренада тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыгын активдүү колдоп келерин белгиледи.
Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, БУУ уюштурган Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциянын катышуучуларынын он бешинчи кеңешмесинде (КС-15) видео кайрылуу жасаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда Жапаров Кыргызстан БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын максаттарын жактай турганын айтып, өлкө эл аралык аренада тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыгын активдүү колдоп келерин белгиледи.
"Климаттын өзгөрүшүн, анын Тянь-Шань менен Памирдин экосистемасына тийгизген терс таасирин биз күн өткөн сайын көбүрөөк сезип жатабыз. Мындан улам кызыкдар мамлекеттер менен бирге иштешип, тоо биотүрдүүлүгүн коргоо үчүн адаптациялоо чараларын көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сүт эмүүчүлөрдүн 15 түрү, канаттуулардын 26 түрү, курт-кумурскалардын 150гө жакын түрү жана башка жаныбарлар жок болуу коркунучунда турат. БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясынын алкагында корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын көбөйтүү боюнча пландар бар", — деген Жапаров.
Ал кеңешме катышуучуларынын көңүлүн жаратылыш, ресурс жана биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген зыяндуу нерселерге бурган.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Айрым инвесторлор киреше издеп экологияга зыян келтирүүдө. Жапаровдун кайрылуусу
"Чет өлкөлүк инвесторлордун абийирсиз ишинин натыйжасында тоолорубуздун, дарыяларыбыздын флорасы менен фаунасынын байлыгы, кылымдар бою турган мөңгүлөр талкаланууда. Биз мындай бизнес-практикаларга каршы турушубуз керек. Кыргызстан ачык жана активдүү эл аралык кызматташууга даяр. Анткени биргелешкен аракеттер менен гана биз Жер шарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактап калабыз", — деген өлкө башчы.
Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы тоо токойлору боюнча программаны иштеп чыгууну жана кабыл алууну колдой турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0