Келин болуп баргандан заарканышат. Суу көкөйгө тийген Папандагы айылдын видеосу

Жазылуу
Кызыл-Туу айылынын жашоочуларынын кары-жашы дебей таң эрте эшекке фляга артып, колго канистр, чака көтөрүп Ак-Буура дарыясына барат. Сууну эрте алып албаса мал кечет же дагы бир нерсе болуп булганат.
Оштун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагына караган Кызыл-Туу айылында таза суу көйгөйү курч. Үйлөрдө суу түтүктөрү жок, жашоочулар Ак-Буура дарыясынан ичишет. Айыл башындагылар суу ташуу үчүн бир нече чакырым басышат.
70 жашка таяп калган Амат Бадиров эс тарткандан бери бул маселе чечилбей келерин айтат.
"Суу жок, бизде 1945-жылкыдай жашоо. Дарыя алыс, күнүнө эки-үч жолудан барабыз. Суу ташуу үчүн бирден эшекти кармап отурабыз. Жайкысын го жеңилирээк, кышында аялдар, балдар эшек-суусу менен кошо жыгылат", — дейт ал.
Кемпири Алийма Бадирова "келген келиндер суу ташыгысы келбей качып кеткен күндөр болду, бул жакка чыдабайт" деп ары жактан кобурады.
"Мончону кой, тыңгылыктуу душ жок, анан калса кош бойлуулар да суу ташуунун азабын тартат" дейт жаш келин Нуржан Сабыралы кызы.
"Төрттү төрөдүм. Төртөөндө тең айыма жеткиче суу ташыдым. Ай-күнүмө жетпей эле төрөп койгон күндөр болду. Жуунуп-таранайын дейсиң, бирок суунун айынан душ дагы жок. Кирди колго эле чайкайм, машинага жууйлу десек суу өтө көп кетип калат. Бала-чакалуу адамдын да кири көп болот да", — деди келин.
Өлкөдөгү ири суу сактагычтын бири Папан бийиктиктен кандай көрүнөт. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Өлкөдөгү ири суу сактагычтын бири Папан бийиктиктен кандай көрүнөт. Видео
Ак-Буура дарыясына жакын жашаган айрым гана үйлөр насос менен сууну сордуруп алышкан экен. Калгандары жөө жалаңдап, эшек жетелеп ылдыйга түшүшөт. Айрымдары автоунаа менен ташып кетерин да байкоого болот. Кызыл-Тууда эки миңден ашуун киши жашайт.
Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Элдияр Жаныбек уулу бул жакта сегиз айылдын экөөндө — Кызыл-Туу менен Алчалуу айылдарында таза суу жок экенин айтат. Ал маселени чечүүнүн аракеттери болуп жатканына ишендирди.
"Бул көйгөй бүгүн же кечээ чыгып калган жок. Өкмөт өзүнүн милдетин аткарып, ар кандай гранттарды тартып, араб фондулары менен сүйлөшүп, жакынкы убакта чечели деген пландарыбыз бар. Азыр жалпы картасы, долбоору, сметалары иштелип чыгып жатат", — деди Жаныбек уулу.
Айыл өкмөттүн өкүлү качан жана кандай ыкма менен таза суу маселеси чечиле турганын тактаган жок, ыңгайлуу жолдору каралып жатканын эле кошумчалады.
Кызыл-Туу айылынын тургундары бул айтылгандар сөз бойдон калбаса экен дешет.
Жаңылыктар түрмөгү
0