Сонун болуптур! Кыргызстандагы эң чоң көпүрөнүн асмандан көрүнүшү

13527
(жаңыланган 16:14 13.10.2021)
Бир нече жумадан кийин Кыргызстанда эң чоң эки эстакадалык көпүрөлөрдүн курулушу аяктайт. Биз Түндүк — Түштүк альтернативдик трассага барып, ал жердеги иштердин жүрүшүн көрүп келдик.

Бишкек — Ош жолу ондогон жылдардан бери Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган бирден-бир кара жол катары кызмат кылып келет. Бирок ары-бери каттагандардын саны өсүп, кыймылдын көбөйө башташы абалды өзгөрттү. Мындан сырткары, Транспорт министрлиги жолдун абалы оор жүк ташуучу автоунаалар, жүргүнчү транспорттору каттоо жана коопсуздук боюнча азыркы талаптарга жооп бербей тургандыгын билдирди.

Альтернативдик трассанын курулушу боюнча маселе 2010-жылдан тарта көтөрүлө баштаган. Иш насыяга алынган каражатка 2014-жылы башталган.

"Альтернативдик жолдун стратегиялык, экономикалык жана социалдык мааниси жогору. Ал жолду, түштүк облустарынан Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облусуна жүргүнчүлөрдү ташууга кеткен чыгымды кыскартууга жардам берет. Аймактар арасындагы соода-сатык, алака өсөт, туризм өнүгөт", — деп Транспорт министрлигинен айтып беришти.

Курулуш бүткөндөн кийин Кара-Кече, Макмал кендерине, Камбар-Ата, Тогуз-Торо ГЭСтеринин тилкелерине баруу жеңилдейт. Бийлик Сузак, Тогуз-Торо, Жумгал жана Кочкор райондоруна социалдык-экономикалык жактан өнүгүүгө кошумча мүмкүнчүлүк жараларын белгиледи.

Жол тоолуу, татаал шартта курулуп жатат. Октябрдын соңунда Нарын дарыясына салынган эки ири эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктайт. Биринчисинин узундугу — 1 076 метр, экинчисиники — 396 метр экени айтылды. Туурасы 14 метрден. Ал эми таянычтары 46 метр тереңдикке киргизилип бекитилген. Көпүрөнүн 20-октябрда толук бүтөрүн, бүгүнкү күндө объектидеги иштердин 90 пайызы аяктап калгандыгын айтышты.

Трассаны эксплуатацияга берүүнү бир нече ирет жылдырышкан. Министрликтин акыркы маалыматтарына караганда, бул курулуш толугу менен 2024-жылы аяктайт. Анткен менен Казарман — Арал (реконструкция жасалган жок, жаңы салынды) жолунун курулушу ноябрда бүтөт. Жолду салууга кеткен каражат 850 миллион долларды түзүп, анын арбын бөлүгүн Кытай берген.

13527
Белгилер:
Кыргызстан, Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу, жол, курулуш
Тема боюнча
Ош — Ноокат — Исфана жолунун курулушу күзүндө башталат
165 млн. бөлүнгөн. Марипов Төө-Ашуудагы жолдун оңдолуп жатканын көрдү. Сүрөт

Алыстан эле жүрөктүн үшүн алып... Этнанын көккө атылып жаткан видеосу

118
(жаңыланган 18:33 25.10.2021)
Сицилияда Этна вулканы кайрадан ойгонду. Интернет айдыңына тараган видеодон анын эбегейсиз кара түтүнү 10 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, алыстан карагандардын үшүн алгыдай болуп жатканын көрүүгө болот.

Вулкандын видеосу YouTube каналга жарыяланды.

Кээ бир жерде анын түтүнү асманды каптаса, бир топ жерде магманын асманды көздөй атылып жатканы кадрларга түшүп калган.

Аны бекер жеринен Европадагы эң активдүү жанар тоо деп аташпайт. Жылына болжол менен 150 ирет ойгонот. Соңку ирет ал күлүн асманга сентябрь айында эле чачып, алай-дүлөй түшкөн эле.

Вулканологдордун айтымында, анткен менен ал Канар аралдарындагы Пальма сыяктуу коркунучтуу эмес. Адистер ага тыкыр көз салып турушат, эгерде шектүү жагдай жаралса, эскертүү берип, тоо боорунан туристтерди тез түшүрүп кетүү маанилүү учурлардын бири.

118
Белгилер:
Италия, Этна, жанар тоо, турист
Тема боюнча
Вулкандын укмуштуудай атылышы: тоодой чок бут алдыңа жылып келе жаткан видео

Куутка тоскоол болуп... Жаалданган аллигаторду көптөп таңган видео

234
Австралиядагы сойлоп жүрүүчү жаныбарлар паркында Канье аттуу төрт метрлик аллигатор кармалуучу жайынан эрте чыгып, айлана-тегерегиндегилерге кол сала баштаган.

Айбаттуу жырткычтын бул бейбаштыгы парктын жумушчуларынын ишине жана башка аллигаторлордун куут маалына тоскоолдук жараткан. Абалдан чыгуунун бир гана жолу – аны өзүнчө бөлүп кармоо эле.

Крокодил көзүнө көрүнгөндүн баарына жулкунган. Андыктан жумушчулар жырткычтын оозун аркан-жип менен илип, аны көптөп баса калып кармап, жаагын скотч менен таңып коюшкан.

Тогуз кишиден турган команда Каньени атайын замбилге салып, 350 килограммдык жырткычты обочолонгон көлмөгө алып келип коё беришти. Парктагылар аны бул жерде эки ай жүргөндөн кийин бир аз жоошуп калат деп үмүт артышууда.

234
Тема боюнча
Антилопа баласын коргоп, арстандын кардын жарып сала жаздаган видео
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

0
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу