Күн чачыраган тоолор... Түндүк Түштүк жолундагы керемет табияттын видеосу

1382
Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунда салынып жаткан көпүрө, тоннелге барды. Жол жээгиндеги кооз пейзаждан кыя өтпөй видеого түшүрө келди.

Түндүк — Түштүк жолу жети жылдан бери курулуп жатат. Бийлик анын айрым бөлүктөрү октябрдын аягында даяр болорун убадалап жатат. Ал эми жол толугу менен 2024-жылы аяктап, эксплуатацияга берилиши күтүлүүдө. Буга чейин өмүрү жол салынбаган жерде курулуш иштери жүрүп жатканы маалым болду. Балыкчы менен Жалал-Абадды кошкон стратегиялык жол насыяга алынган акчага салынууда.

1382
Белгилер:
Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу, курулуш, жол, видео
Тема боюнча
Сонун болуптур! Кыргызстандагы эң чоң көпүрөнүн асмандан көрүнүшү
Гүл жайнаган Бишкекке жааган кар. Шаардын асмандан тартылган видеосу

Алыстан эле жүрөктүн үшүн алып... Этнанын көккө атылып жаткан видеосу

120
(жаңыланган 18:33 25.10.2021)
Сицилияда Этна вулканы кайрадан ойгонду. Интернет айдыңына тараган видеодон анын эбегейсиз кара түтүнү 10 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, алыстан карагандардын үшүн алгыдай болуп жатканын көрүүгө болот.

Вулкандын видеосу YouTube каналга жарыяланды.

Кээ бир жерде анын түтүнү асманды каптаса, бир топ жерде магманын асманды көздөй атылып жатканы кадрларга түшүп калган.

Аны бекер жеринен Европадагы эң активдүү жанар тоо деп аташпайт. Жылына болжол менен 150 ирет ойгонот. Соңку ирет ал күлүн асманга сентябрь айында эле чачып, алай-дүлөй түшкөн эле.

Вулканологдордун айтымында, анткен менен ал Канар аралдарындагы Пальма сыяктуу коркунучтуу эмес. Адистер ага тыкыр көз салып турушат, эгерде шектүү жагдай жаралса, эскертүү берип, тоо боорунан туристтерди тез түшүрүп кетүү маанилүү учурлардын бири.

120
Белгилер:
Италия, Этна, жанар тоо, турист
Тема боюнча
Вулкандын укмуштуудай атылышы: тоодой чок бут алдыңа жылып келе жаткан видео

Куутка тоскоол болуп... Жаалданган аллигаторду көптөп таңган видео

236
Австралиядагы сойлоп жүрүүчү жаныбарлар паркында Канье аттуу төрт метрлик аллигатор кармалуучу жайынан эрте чыгып, айлана-тегерегиндегилерге кол сала баштаган.

Айбаттуу жырткычтын бул бейбаштыгы парктын жумушчуларынын ишине жана башка аллигаторлордун куут маалына тоскоолдук жараткан. Абалдан чыгуунун бир гана жолу – аны өзүнчө бөлүп кармоо эле.

Крокодил көзүнө көрүнгөндүн баарына жулкунган. Андыктан жумушчулар жырткычтын оозун аркан-жип менен илип, аны көптөп баса калып кармап, жаагын скотч менен таңып коюшкан.

Тогуз кишиден турган команда Каньени атайын замбилге салып, 350 килограммдык жырткычты обочолонгон көлмөгө алып келип коё беришти. Парктагылар аны бул жерде эки ай жүргөндөн кийин бир аз жоошуп калат деп үмүт артышууда.

236
Тема боюнча
Антилопа баласын коргоп, арстандын кардын жарып сала жаздаган видео
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

0
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу