Кыргызстандык жигит Россиядагы "Голос" долбооруна өттү. Видео

661
(жаңыланган 12:07 16.10.2021)
Долбоордогу насаатчылардын бири Пелагея кыргызстандык жигитти өз командасына чакырган. Александр Градский дагы анын насаатчысы болууну каалаган.

Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиядагы "Голос" долбооруна ийгиликтүү өттү. Ырчынын видеосу долбоордун YouTube каналына жарыяланды.

Анда Александр Reamonn тобунун Supergirl ырын тандап алган. Ал ырдап жатканда Пелагея менен Александр Градский бурулган. Көрүүчүлөр да кол чабуулар менен тосуп алышкан.

"Сиздин бул чыгарманы аткарганыңыз абдан жакты. Бирок бул ырды билбейт экенмин", — деген Градский.

Леонид Агутин ырчыдан өзүн тааныштырууну суранып, кайырмалар эң сонун аткарылганын белгилеген.

"Аты-жөнүм Александр Волкодав. Кыргызстандан, Бишкек шаарынан келгем. Силер билгендей, 312 шаары. Ырдайм, ыр жазам," — деди катышуучу.

Пелагея кыргызстандык ырчынын тембри жакшы экенин айтып, өз командасына чакырган. Волкодав аны наасатчы катары тандап, бул учур түшүнө да киргенин белгилеген.

661
Белгилер:
'Голос' долбоору, видео, тандоо
Тема боюнча
Пугачеванын хитке айланган ыры кыргызча жаңырды. Видео

Дүйнөнү от каптагандай. Ла-Пальма аралындагы жанар тоонун кооптуу видеосу

92
(жаңыланган 17:41 03.12.2021)
Ла-Пальма аралындагы Кумбре-Вьеха жанар тоосунун түндүк-чыгыш жагында жаңы жаракалар пайда болуп, кайнап жаткан от кайрадан асманга атыла баштады.

Өткөн ишембиден тарта абал кайрадан курчуган. Аталган аймактагы жетишерлик бийик болгон аймактагы тоонун бети карарып, андан соң жердин астындагы лава асманга чачылып жаткан үрөй учурган кадрларды көрүүгө болот.

Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, асманга чачылгандан сырткары, туурасы итапкан жерди каптаган лава ылдый көздөй акырындык менен ага баштаган. Тоонун боорунан агып келе жаткан от алыстан караганда адамды эрксизден сестендирет. Жанар тоонун кезектеги жаңылануусу ал жердеги сейсмикалык активдүүлүктү арттырып, 3,5 магнитудалык 50гө жакын термелүү болгону кабарланды.

Жергиликтүү бийлик лава эгерде жаңы жаракадан чыгып, чектелген жерден өтүп баратканы байкалса, элдин көбүн эвакуациялоо зарылдыгын айтты.

Эль-Пасо муниципалитетине караган аймактагы Кумбре-Вьеха 2021-жылдын 19-сентябрында атыла баштаган. Буга чейин Испаниянын улуттук географиялык институту сейсмикалык активдүүлүктү байкаган. 21-сентябрда бир апта ичинде жер кеминде 25 миң ирет термелген. Жанар тоо атылгандан бир нече күн өтпөй жүздөгөн үйлөр лаванын илебине туруштук бере албай, жарактан чыкса, 5000ге чукул жашоочуну коопсуз жайга көчүрүүгө туура келген.

Мурдараак бул аралда 85 миңге чукул адам жашаары кабарланган.

92
Тема боюнча
NASA космоско астероиддерди талкалай турган аппарат учурду. Видео
Жер бетин бербей көчүп бара жаткан крабдардын видеосу
Аялына айланма үй куруп берген ойлоп табуучу. Кызыктуу видео

Жаш кездеги ыры жаңырып... Ангела Меркелди кызматынан узаткан аземдин видеосу

234
Берлинде Германиянын Коргоо министрлигинин ички короосунда ФГРдин канцлеринин милдетин аткаруучу Ангела Меркелди кызматынан узатуу салтанаты өттү.

Протокол боюнча жогорку кызматтагы саясатчы коштошуу аземи үчүн бир нече музыкалык композицияны өзү тандашы керек. Меркель германиялык панк-рок ырчы Нина Хагендин "Түстүү тасманы унуттуң" (Du hast den Farbfilm vergessen) деп аталган ырын тандаган.

Айтымына караганда, бул аткаруучунун чыгармачылыгы "анын жаштыгынын эң жаркын учурларына" туура келген.

Аскердик оркестр 1950-жылдары атактуу болгон германиялык ырчы жана актриса Хильдегард Кнефтин ырын жана чиркөө композициясын аткарды. Аягында улуттук гимн жаңырды.

Меркель дагы бир аз күн канцлердин милдетин аткарып турат. Бундестаг анын мураскери Олаф Шольцтун талапкерлигин жактырып добуш берген соң кызматтан кетет. Меркелдин бул кызматта эмгектенип келе жатканына 16 жыл болду.

234
Белгилер:
Германия, Ангела Меркель, коштошуу, канцлер, Бундестаг
Тема боюнча
Германияда Меркелдин ат минген айкели орнотулду
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

0
(жаңыланган 00:10 04.12.2021)
Телефон менен сүйлөшүүдө Путин Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен да куттуктап кеткен.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2022-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылат. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президенттер кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Сүйлөшүүдө Жапаров элдин эрки менен өткөн парламенттик шайлоо тууралуу айтып берип, Россияга шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышып, мекендештердин добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле "Спутник-лайт"  вакцинасынын кезектеги партиясын жеткиргендиги үчүн рахматын айткан.

Өз кезегинде Путин Жапаровду шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, Кыргызстан элинин бакубаттуулугу үчүн өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каалаган. Ошондой эле Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктаган. Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантуу чечимин бекемдешти.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Садыр Жапаров, Владимир Путин, сүйлөшүүлөр
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров: БШК бийлик кысым кылганын айтса, отставкага кетем
Бюллетендердин 99%ы кол менен саналып бүттү. Кайсы партиялар өттү