Нидерландда футбол фанаттары турган трибуна оюн учурунда урап түштү. Видео

Жазылуу
Конокко барган команда жеңишти белгилөө үчүн фанаттары турган жакка келишкен. Алар ийгиликке секирип кубанып жаткан учурда трибуна урап түшкөн.
Нидерланддын Неймеген шаарындагы стадиондун трибунасы күйөрмандары менен кошо урап түштү.
Окуя өлкө чемпионатынын тогузунчу турундагы оюндун аягында болгон. "Витесс" клубу жергиликтүү НЕК менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Беттештен соң жеңишти белгилөө үчүн футболчулар фанаттары турган трибунага келишкен. Күйөрмандар ийгиликке кубанып секирип жаткан учурда конструкция салмакты көтөрө албай урап түшкөн.
Кырсыктан эч ким жапа чеккен эмес. Кыйроого карабай "Витесстин" фанаттары майрамдоосун улантышкан.
Маалым болгондой, "Де Гофферт" стадиону 1939-жылдын 8-июлунда ачылып, 12 500 кишиге ылайыкташкан. Арена 2000-жылдын аягында заманга бап оңдолуп, 25-январда экинчи расмий ачылышы болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0