Сүйүнүчү батпай! Анара Мурзакулова Россиянын "Кондитер" долбоорун жеңип алды. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык кондитер Анара Мурзакулова Россиянын "Пятница" телеканалында өтүп жаткан "Кондитер" теледолбоорунун бешинчи сезонунун жеңүүчүсү болду.
Суперфиналдын эфири телеканалдын Үoutube каналына жарыяланган.
Москвада жашаган 34 жаштагы кыргызстандык келин кастингден өтүп, ал катышкан эфирди август айында көрсөтүшкөн.
Анда Анара Мурзакулова суперфиналга чыгуу үчүн калыстар тобуна эки кабаттуу, үстүнө кыргыздын улуттук кийимин кийген кыздын фигурасы коюлган торт жасап келген. Алып баруучу жана белгилүү кондитер Ренат Агзамов тортту ооз тийип көрөрү менен анын укмуштай даамын көрүүчүлөргө кантип сүрөттөп берерин билбей жатканын айткан. Ошентип кыргызстандык келин суперфиналга өткөн.
Эми суперфиналдын эфири чыкты. Анда 15 катышуучу ат салышкан. Арасынан бирөө ден соолугуна байланыштуу келе алган эмес. Ар бирине эрежеге ылайык десерт жасоо тапшырмасы берилген. Анара Мурзакулова куурчактын фигурасы менен торт жасаган.
Биринчи этапта калыстар тобу кайсы десертти ким жасаганын билбей, анын сырткы көрүнүшүнө гана баа беришкен. Агзамов Анаранын эмгегин дароо тааныган. Андан кийин калыстар десерттерди даамдап көрүп, эки этаптан сегиз аял өткөн.
Дача-СУда жакындарын жоготкон Байнур визажист Гоардын шоусуна катышуда. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Дача СУда жакындарын жоготкон Байнур визажист Гоардын шоусуна катышуда. Видео
Суперфиналда аларга 10 сааттын ичинде салмагы 10 килограмм, узундугу бир метрден кем болбогон торт жасоо тапшырмасы берилген. Катышуучулар анын бир бөлүгүн жасап бүтүп калганда Агзамов тапшырманы бир аз татаалдатып, коробкадан башка ингредиенттерди алып чыгып, алар дагы тортко кошулушу керектигин айткан. Чүчү кулак ыкмасы менен Анара васаби салынган коробканы тандаган. Кыргызстандык келин бул азыкты биринчи жолу колдонуп жатканын ачык айткан.
Ошентип суперфиналдын тапшырмасын төрт гана катышуучу аткарды. Анара долбоордун жеңүүчүсү аталып 1 миллион рубль жана "Золотой венчик" титулун жеңип алган. Ошондой эле ал "Россиядагы мыкты кондитер" наамына ээ болуп, толкунданган келин сүйүнүчтөн көзүнө жаш алган.
"Мен бактылуумун. Жеңүүчү болдум! Миллион рубль утуп, эми Россиянын башкы кондитеримин", — деген ал.
Агзамов бул татыктуу жеңиш болгонун белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0