Мыкты экен! Бийлик ойлоп табуучулардын "үйүн" ачты. Видео

Жазылуу
Бүгүн, 27-октябрда, Бишкекте Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик инновациялык борборунун расмий ачылышы болду. Анда жаңы жабдыктарды ойлоп таап, идеясын ишке ашыргысы келгендер үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн.
Борбор Кыргызпатенттин алдында түзүлүп, ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
"Ушуну менен токтоп калбастан инновациялык инфратүзүмдү аймактарга дагы жайылтышыбыз керек. 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык облустарында дал ушундай инновациялык борборлорду ачууну сунуштайм жана бул тапшырманы аткаруу Кыргызпатенттин жамаатынын колунан келерине терең ишенем", — деди төрага.
Инновациялык борбордун директорунун милдетин аткаруучу Касиет Качаганова төмөнкүлөрдү билдирди.
"Инновациялык борбор беш аянтчадан турат. Биринчиси — китепкана, экинчиси — балдар лабораториясы, үчүнчүсү — конференц-зал, төртүнчүсү — өндүрүш лабораториясы, бешинчиси — коворкинг-борбору. Башкача айтканда, биз инновациялык экосистеманын бардык блокторун камтыган аянтчабыз. Китепканадан сиздер билим, теория алсаңыздар, балдар лабораториясынан бир нерсени ойлоп табууга үйрөнөсүздөр. Коворкингден идеяларды иштеп чыгып, өндүрүш лабораториясынан өзүңүздүн продукцияңызды чыгарасыз. Ал эми конференц-залдан жыйынтыгын презентациялайсыз", — деди Качаганова.
Ал эми FabLab индустриалдык инновация бөлүмүнүн кызматкери Айдар Алымбековдун айтымында, борбордо ойлоп табуучулардын ойлоп тапкан нерсесинин алгачкы үлгүсүн жасоого жардам берилет.
Жанын оозуна тиштеп иштешет. Кара алтын казган кызыл-кыялык апачилердин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Ыйлагың келет! Жанын таштап иштеген кызыл-кыялык "апачилер". Видео
"Бизде санариптик программа менен башкарылган фрезердик станок, лазердик гравер, 3D-принтерлер, электрондук-тигүүчү машина, 3D-сканерлер бар. Fablab бөлүмүнүн максаты — ойлоп табуучулар менен стартаперлерге ойлоп тапкан нерсесинин алгачкы үлгүсүн жасоого жардам берүү. Бул жердеги аппаратура жыгачты, металлды кескенге, жаңы жабдыктардын деталдарын жасоого ылайыкташкан. Бардыгы сизден, сиздин идеяңыздан көз каранды", — деди ал.
Бийлик бул борбор бизнес менен ойлоп табуучулардын диалогу үчүн аянтча болуп берерине ишенүүдө. Бул аянтчаны түзүүгө 35 миллион сом сарпталып, Грузия менен Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулган. "Кыргызпатент" борбордун эшиги бардык каалоочулар үчүн ачык деп убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0